Чимкириктерге Кудай мээни да, ниетти да бербептир. Бүкүрдү көр да түзөтө албайт дейт. Булардан бир жакшылык күтүп болбой калыптыр. Эл эмнеге көтөрүлгөнүнө акылдары жетпептир. Оозунда мыйзамдуулук, оюнда бийлик гана экенин эл байкабай олтурат дешсе керек. Эмнени эксең ошону аласың дейт. Эки сүйлөгөндү эл да жакшы өздөштүргөн булардан. Элдин оозунда да башында шайлоо жокко чыксын болчу. Оюнда болсо баарыбызды ушул кырдаалга алып келген бетпак бийликти кулатуу эле. Партиялык башкаруу системасы деген кырк аяктуу желмогуздан кутулуу эле. Эл өз максатына кантип жеткенин баарыбыз көрдүк. Кудайга шүгүр, элдин көзү ачыла баштаптыр. Ак үйдүн талкаланганынан башка чоң зыян болбоду. Бир да партия, бир да лидер, бир да коомдук кыймыл ыңкылапты мен кылдым деп айта албайт. Ошентсе да эл өзүн өзү кантип башкарат? Көөнүнө жакын киши издейт да аргасыз. Ошол лидер Садыр Жапаров болуп калды. Эл аны теңдешсиз саясатчы болгону же чимкириктер ушактап жаткандай түрмөдө жатып ОПГны башкарып алганы үчүн эмес, элдин көкөйүндөгүнү айтып чыкканы үчүн түп көтөрүлүп колдоду. Жаман менен жакшыны эсепсиз көрдү, чириктердин бирине да аралашпады, бир жасаса эл мүдөөсүн ушул гана аткарат деп үмүт артып колдоду.
Кудайдын назары түшпөгөн киши падыша болбойт деген хадис бар. Кудайсыздар билип алышсын. Оомат Кудайдан. Садыр Жапаровдун ушинтип келип бийликке олтуруп калаары эч кимдин түшүнө кирген эмес. Анын өзү да ушундайды пландап жүргөнүндө чоң шегим бар. Бирок баары атайын уюшулгандай болуп жатып калды.
Аягы суюк кайнене келинине эч убакта ишенбейт дейт. Кечээ түрмөдөн чыккан Садыр акчасын батыра албай ушунча тарапташтардын баарын сатып алып жатат деп ушактап жатышат чимкириктер. Анысына өздөрү да ынана албай, ОПГны кошуп ийсек ишеничтүүрөөк болоор деп жан далбас уруп жатышат. Көрдүк биз да АШАларга топурак чачкан, ок өтпөс машинаны тапанча менен тарсылдаткан "опгларды".
Ушул кырдаалдан Сокебиз чыгарат го, эми көзү ачылгандыр дедик эле. Акаев менен Бакиев оңолбогондой эле мында деле эсине келээр акыл-парасат жок экен. Өлкө дагы бир силкинүүгө баратат. Айылдын баары, түндүк-түштүк, батыш-чыгыш дебей түп көтөрүлүп келатат. Жараткан Кудай өзүң эле сакта деп ичтен кан өтүп олтурам.
Бейшенбек Бекешов, журналист