КР Президенти С.Ш.Жээнбеков сабырдуулук, даанышмандык менен кырдаалды жөндөөгө жасаган аракетин ЖК кошоматчылыгы, арамзалыгы менен жокко чыгарып, тескеринче кырдаалды курчутууда.
Бүгүнкүдөй ар-бир добушуңарды санап, далили менен көрсөтүү колуңардан келет экен го. Же эшек ылайдан өттү деп, кайра баягы "кличка" атыңарга кайтыңарбы?!
Бүгүн ЖКнын төрагасын эмес, Өкмөт башчыны бекитүү, аны легитимдештирүү өтө маанилүү жана зарыл болчу. Силердин төрагаңардын барынан жогу.
Атайын жасалган ишпи же ушунчалык арамзасыңарбы билбедим ![]()
Тиешелүү кворумду чогултпай туруп, бирок, кол көтөрүп С.Жапаров башында турган өкмөттү бекитип бергенсиңер. Ал чогулушта кворум болбогонун билип туруп, Президенттин кол коюусуна жибердиңер. Президент мыйзамсыздыгын эске алып артка кайтарды. Бүгүн кырдаалды эске алып, кайрадан ал маселени кароонун ордуна төрага шайлап жүрөсүңөр. Президентибизди мактап, кошомат кылып, бул ишти Президент менен макулдашып кылып жатабыз деген ойду жараттыңар. Атайын Президентти аңга түртүп жатасыңар.
Сиздердин бул кадамыңар, оюнуңар коомду отко ыркыткандай болду.
Мындай экенсиңер бүгүн "самороспускка" барсаңар эрдик кылган болоор элеңер. Силер жок Президент өз указдары менен кырдаалды жөнгө салууда оперативдүү иш алып бармак.
"Эсиң барда этегиңди жый" дейт кыргызда. Эртең тез арада Садыр Жапаровдун өкмөтүн карап бекитип бересиңер же болбосо мындан аркы кырдаалга керт башыңар менен жооп бересиңер.
Руслан Бекназаров, жарандык активист