Депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин "Ала Арча" резиденциясында өткөн жыйынында алдыдагы парламенттик шайлоого адилеттүүлүктү камсыз кылып берүүнү президенттен, премьер-министрден жана спикерден суранды.
"Элдин нааразычылыгы эмнеден чыкканын билебиз. Акыйкатсыз шайлоо элди толкутту. Алар шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарып бергиле деп талап кылышты. Жыйынтыгы эмнеге жеткиргенине күбө болдук. Эми алдыда дагы парламенттик шайлоо турат. Өткөндөн сабак алып, ал шайлоону калыс өткөрөлү. Президент, өкмөт башчы жана спикер адилеттүүлүктү камсыздагыла. Биз эртең мыйзам долбоорун чыгарабыз. Бардык депутаттардын келип катышып берүүсүн суранабыз. Келбей койгондор эл душмандары болот", - деди Алтынбек Сулайманов.
Айтымында, сунуштала турган мыйзам долбоору шайлоого арналган жана анда босого чекти 3 пайызга түшүрүү, күрөө суммасын 1 миллион сомго ылдыйлатуу жана форма №2ни жокко чыгаруу каралган.
Эске салсак, депутаттар Канатбек Исаевди спикерликке шайлашты.