Учурда айрым депутаттар тарабынан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чакыртуу аракеттери көрүлүп жатат. Мунун баарын мамлекеттин мыйзам талаасына түшүп, туруктуулук орнотулушуна каршы турган бир ууч топ адамдар жасап жаткандыгы түшүнүктүү. Булар буга чейин да контрреволюция жасагылары келген, ишке ашкан жок. Ошого карабастан, арам аракеттерин токтотпой, кайра күч алып жатышат. ЖКнын кезексиз жыйынын чакыртуунун мыйзамдуу жол-жобосун өздөрү да билет. Кезексиз жыйынды чакыртуу укугу Жогорку Кеңештин төрагасы менен президентте гана бар. Ал да болбосо, 40тан кем эмес депутаттын макулдугу керек. Бүгүн мунун бири да жок. Демек, алардын бардык аракети мыйзамсыз жана мунун түпкү максаты өлкөдө орноп келе жаткан туруктуулукка каршы аракет катары бааланышы керек!
Нургазы Анаркулов, "Мекенчил" саясий партиясынын басма сөз катчысы