Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу соцтармактагы баракчасына бүгүн, 13-октябрда, саат 16.00дө "Ала Арча" резиденциясында парламент депутаттарынын кезексиз жыйыны болоорун жарыялаган. 

Бирок депутат Элвира Сурабалдиева ага жыйын тууралуу эч ким кабар бербегенинен соцтармактагы баракчасына жазды. 

"Бүгүн парламент жыйыны болоорун соцтармактардагы кабарлардан билдим", - деген ал. 

Ошондой эле, бул жыйындын максаты эмне экени белгисиз. Күн тартибинде каралчу маселелерди басма сөз кызматы ачыктаган жок.