Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызмат ордуна бекитүү тууралуу Жогорку Кеңештин токтому президенттин аппаратынын кароосуна келип түштү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
Маалыматка караганда, президент Сооронбай Жээнбеков токтомго үч күндүн ичинде кол коюушу керек же каршылык билдирип, документти Жогорку Кеңешке кайтарышы керек.
Бирок эксперттердин айтымы боюнча, Садып Жапаров Конституциянын негизинде мыйзамдуу премьер-министр жана анын мыйзамдуулугу президенттин тийиштүү документке кол койгон-койбогонунан көз каранды болбойт.