Анын арызы кечээ, 12-октябрда жазылган.

Депутат өзү АКИpress агенттигине билдирген маалымат боюнча, ал мандатынан Өмүрбек Текебаевдин мандатын калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу баш тарткан. Бул күнү БШК Ө.Текебаевдин кылмыш иши боюнча Биринчи май райондук сотунун өкүмүн жокко чыгаруу тууралуу Жогорку соттун токтому чыкканына байланыштуу мандатын кайтарып берүү тууралуу арызын караган болчу.

«Эгерде "Ата Мекен" партиясында бош мандат болсо БШКнын 8 мүчөсү Текебаевдин арызын колдоого макул болгону тууралуу маалыматты БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирген. Ошондо мен арыз жаздым», - деди депутат.

Анын айтымы боюнча, «Ата Мекен» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон Наталья Никитенко да мандатын Текебаевге берүүгө даяр. Бирок мыйзам боюнча аял депутаттын орду бошосо, анын ордуна аял талапкер келиши керек.

Саясий оюн жүрүп жатканын айткан Садык Шер-Нияз: «Өмүрбек Чиркешевичтин тажрыйбасы чоң. Азыр көпчүлүк өлкөлөр чоң чиновниктердин легитимдүүлүгүн тааныбай жатат. Эгерде бул улана берсе, анда биз туңгуюкка барабыз», - деди.

Ал Ө.Текебаев парламент толук кандуу иштешине салым кошот деп ишенет жана мунун баары мамлекет үчүн жасалып жатканын айтты.

Анын арызын БШК бүгүн карай турган болгон.

Булак: Баракелде