Урматтуу депутаттар!

Урматтуу фракция лидерлери!

Урматтуу Канат Исаев!

Мамлекетте оор абал жаралып, күн тартибинде өзгөчө абалды бекитүү каралып жаткан учурда эч кандай жоопкерчилик албай, "Квором кылбай койдук" деп мактануу чыккынчылыкка тете. Сиздер Жогорку Кеңештин жыйынына келип альтернативдүү талапкер деле көргөзсөңүздөр болмок. Жоопкерчилик албай, алгандарды куру жалак сындоо жигитчиликке да жатпайт, алсыздык. Мамлекеттүүлүктү жеке кызыкчылыктан, бийлик талашуундан, бөлүп жаруунудан өйдө койууну суранат элем. Мүмкүн маселенин баары шайлоо системасын, партиялык мафияны, кен-байлыктарды эч өзгөрүүсүз калтыруу аракети болуп жүрбөсүн?

Айбек Мырза, жарандык активист