Кыйын кырдаалда эң жайлуу дачаларына, жашыруун жайларына качып кетишкен ЖК депутаттары!

Баары тынчып, өз нугуна түшкөнү турат. Эми келип күмөн жаратып жаткан мыйзамдуулукка чекит коюп, оор абалда эл алдында жүргөн С.Жапаровдун өкмөтүн бекитип бериңиздер. Күмөн болбосун.

Сиздерден эр жүрөктүүлүктү талап кылган эч ким жок. Силерде "жүрөк" бар экенине күмөнүм бар. Буга чейин деле келчү эмессиңер, ордуңарга башка бирөөлөр "кнопка" басып койчу эле. Ушундай кырдаалда аны дагы жасай албадыңар. Ушунчалык дагы аңкоо, кайдыгерсиңерби?! Ошол "куйругун кыпчып жаткандар" эми чыгып, "арстандай арылдаса" таң калбайм деле.

Бирок, бүгүнкү кырдаал Садыр Жапаровдун өкмөтүн күмөнсүз легитимдештирүүнү талап кылат.

Руслан Бекназаров, жарандык активист