Кыргыз Республикасынын Кониституциясынын 2- беренесинин 1- бабында "Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат"- деп турат. Кыргызстандын элинин кемитип айтсам бери дегенде 80 пайызы "Садыр Жапаров бийлике келсин"- деп дүркүрөп турушту. Демек Садырды Кыргызстандын эли шайлады. Ф.Куловго окшогондор ар нерсени айтып жаңы тынчып келаткан элди дүрбөткөнү чеки иш. Кулов өз башынан өткөндү унутуп калдыбы. Акаев аны чыккыс кылып түрмөгө тыгып койгондо эл түрмөдөн сууруп келип ПМ кылып отургусуп койбоду беле. Ошондо баары мыйзамдуу болду беле. Текшере салгыла. Деги эле бири да мыйзамга туура келбеген иштер болбоду беле. Адамда эс тутум кыска болот экен да.
Чолпонбек Абыкеев, жазуучу