ИИМдин башчысынын орун басары Бишкектеги массалык баш аламандыкты уюштуруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган

Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановго карата баш коргоо чарасын карайт. Бул тууралуу Асановдун колдоочусу, журналист Турсунбек Бейшенбеков билдирди.

Маалым болгондой, сот отуруму саат 16: 30да болот.

Эскерте кетсек, Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асанов ушул жылдын 10-октябрында Бишкек шаарында башаламандык уюштурган деген шек менен кармалган.

Булак: vesti.kg