Алгач стабилдүүлүк толук орношу керек. Конституцияга ылайык, биз парламенттик өлкөбүз. Ыйгарым укуктар өкмөттүн колунда. Өкмөт алгач тез арада парламенттик шайлоону таза, адилеттүү өткөрүү керек. Андан соң Президент арызын жазып бергени оң болот.
Азыркы кырдаалда Президент С.Ш.Жээнбеков стабилдүүлүк үчүн өтө керек. Себеби, өкмөт башчысы бир эле убакта Президенттин дагы, Өкмөттүн дагы ишин алып баруусу оор болот. Стабилдүүлүктү каалабаган, С.Жапаровду жактырбагандар ага 2 милдетти жүктөп, парламенттик шайлоого чейин алсыратууну максат кылып турушат.
Руслан Бекназаров