Учурда өкмөт үйүнүн жанында топтолгон элге Садыр Жапаров сүйлөп жатат. Ал митингчилерди тынчтыкка чакырды. 

"Фейк маалыматтар көп таратылып жатат. Шаардын ичинде башамаландык болуп кетпесин, башка күчтөрдүн тараптары менен ызылдашып кетишпесин деп күч органдары келди. Тынчтыкты сактап, тентектик кылбайлы. Алар силерге тийишпейт, силер аларга тийишпегиле", - деди Садыр Жапаров. 

Ошондой эле бүгүн саат 16.00дө болот деп жаткан Жогорку Кеңештин жыйыны тууралуу айтты. 

"Айрым депутаттар акыбалды оюн кылып чогулбай жатат. Кворум 60тан ашуун депутат болсо болот", - деди ал.