-Кыргызстанда абал оор бойдон калууда. Кыйын кезде саясатчылар, эл тааныган адамдар биригип, стабилдүүлүктү калыбына келтирүүгө аракеттенүү керек. Бирок тилекке каршы, кээ бир саясатчылар: Атамбаев, Бабанов, Текебаев, Исаков ж.б.лар эл тарабынан колдоого алынган Садыр Жапаровго каршы иштерди баштады. Жүздөгөн адамдарды кечээ аянтка алып келишип, Жапаровдун тарапташтары менен кагылыштырганга аракеттеништи. Бул спектаклдин артында Текебаев турганын жакшы билем. Эки тараптын кагылышуусун каалашты эле, ал болду. Атамбаев менен Бабановду эл кууп чыкты. Бул алардын элден чыгып калганынын белгиси.
Бизде азыр эң чоң маселе элди тынч жашоого кайтаруу болууга тийиш. Элдин баары: түндүк жана түштүк экенине карабай саясий жана коомдук ишмер Садыр Жапаровду колдоп жатат. Ал колдоого татыктуу инсандардын бири. Атамбаевдин убагында камалды, канча азап-тозокту көрдү. Садыр Жапаровдун мээнетин эли баалап, ага көңүлү түшүп турат.
Турсунбек Акун, “Келечекке жол” Элдик кеңешинин төрагасы