"Келечекке жол" Элдик кеңешинин төрагасы Турсунбек Акун Өмүрбек Текебаевге кайрылды: 

-Абал оор бойдон калууда. Жогорку Кеңеш бир нече күн мурда Садыр Жапаровду премьер-министрликке шайлаган. Учурдагыдай оор абалда бардык процедураларды сактоо процесс. Ага карабай парламент депутаттарынын басымдуу бөлүгү чогулуп, Садыр Жапаровго ишеним көрсөтүштү. Ошондуктан, ал легитимдүү премьер-министрге айланды. Төңкөрүш маалында абактан бошотулган саясатчылардын ичинен бир гана Садыр Жапаров саясий куугунтукка кабылган жана бир гана ал туура бошотулду. Садыр Жапаров убагында комиссар болуп, мамлекеттин мүлкүн жеп-ичкендердин жүзүн ачып, чекелерине чыккан чыйкан болгон. Жогорку Кеңешке депутат болгондо курч маселелерди көтөрүп, элге ачык айткан. "Кумтөрдөгү" коррупциялык иштерди, кыргызстандык аткаминерлер бул алтын кени аркылуу миллиондогон долларды чет өлкөгө чыгарып кеткенин коомчулукка жеткирген, комиссия түзүп, ийне-жибине чейин иликтеген. Учурда аны миңдеген адамдар колдоп жатышат. Аянтка чыккан жаштар да Садыр Жапаровдун талапкерлигине келип токтолушту. Бирок аны мыйзамсыз премьер-министр болуп алды деген шылтоо менен кээ бир саясий күчтөр иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей, айласын кетиришүүдө. Ал саясий күчтөр - "Ата Мекен", "Реформа" жана "Республика" партиялары. Ар бири өздөрүнөн премьер-министрликке талапкер көрсөтүштү. Акырында Жапаровго жалгыздап күчтөрү жетпешин билип, чогулуп Өмүрбек Бабановду өкмөт башчы кылабыз дешти. Ар кайсы аймактардан жаштарды жалдап, акча төлөп, аянтка толтурууга аракет жасап жатышканы тууралуу да маалымат бар. Ар кайсы жерге митинг өткөрүшүп, коомчулуктун тынчын алууда. 

Өмүрбек Бабанов деген ким? Ага алты жолу кылмыш иши козголгон, болгондо да мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу, мамлекеттин байлыгын тоноо өңдүү өтө оор беренелер боюнча. Убагында өлкөдөн качып кеткен. Кайра белгисиз себептер менен кайтып келип, минтип митинг уюштуруп жүрөт. Мурда өкмөт башчы болуп иштегенде да кызматтан оор айыптар менен кеткен. Аны кетирүү аракетинин башында, азыр өзү кызматташып жаткан Өмүрбек Текебаев турат. 

КСДПнын жетекчиси Атамбаев  абакка оор беренелер менен отурду, анын бири - киши өлтүрүү. Жаштардын арты менен чыгып алган Сапар Исаков экөө жөн отурбай, митинг өткөрүп, Текебаев менен Бабановду колдошууда. Кыскасы, Кыргызстандагы бардык кылмышкер саясатчылар биригип алышып, Садыр Жапаровго каршы чыгышты. Булардын оюу бир гана бийлик экени белгилүү болду. Жакшы ойлору болгондо мындай кылышмак эмес, адам өмүрү өчтү, канча адам жаракат алды, канча мекеме талкаланды. Буларды билген адам катары айтайын, ар бир кадамынын башында идеолог болуп Текебаев турат. 

Өмүрбек Чиркешович, айланайын, канча жылдан бери Кыргызстанды чайкап келатасың. Бүгүнкү оор кырдаалга алып келген - сенин түзгөн Конституцияң, сенин системаң болду. Же парламенттик же президенттик эмес системаң ушул туңгуюкка алып келди. Байлык, бийлик үчүн шайтан менен да дос болууга даярсың. Сени каматкан Атамбаев менен достошуп Жапаровго каршы чыктың бийлик үчүн. Адамдардын канын төкпө, мамлекетти чайкаба! Партияң бир кездерде мародерчулукка күнөөлөндү эле, эми баскынчылыкка күнөөлөнөт. Сен өстүргөн жаштар Акаев менен Сурабалдиева  баскынчылык кылып жатышат. Мурда эл буларды жаш саясатчылар экен десе, азыр пикири өзгөрдү. Алар тууралуу коомчулукта начар пикир пайда болду. 

 Жаңы дем дедиң, анан акыркы үмүт дедиң, бул ойлордун идеясы сеники. Көп жылдан бери үзөңгүлөш жүрөбүз, сени абдан жакшы билем. Көп жаман иштериңди да билем. Кыргызстанды чайпаганды токтот! Токтпосоң абийириңди ачып коем! 

Өлкөнүн тынчтыгын калыбына келтирип, ар бир жаран түнү тынч уктап, күндүз тынч ишине барып, күндөлүк аракетин көргөнгө шарт түзүшүбүз керек.