"Тарыхый күндөрдө чогуу жүргөн, жакшы көргөн иним, тууганым Өмүрбек Токтогулович Бабанов! Атамбаевге аралашып, нечен жаңылыштыктарды кетирдиң. Максим Бакиев менен жүрүп да бир катар катачылыкка жол бердиң. Мен сенин дагы бир катачылыкка барышыңды каалабайм. Атамбаев менен мамилеңди үз. Келечекте чоң саясатта калам деген ниетиң болсо, мыйзамдуу жолду танда. Өлкөдөгү дестабилизацияны нормалдаштырууга салымыңды кош, бүгүнкү бийлик менен кызматташ, элди көчөгө чыгарба! Ким өкмөт башчы болот - анын конституциялык мыйзамы бар. Аны Жогорку Кеңеш тандайт. Кааласаң талапкерлигиңди кой, парламент колдосо, бар! Бирок Атамбаев менен кызматташууну токтот! Бул менин сага берген кеңешим!" - деди Азимбек Бекназаров.