Атамбаев жан-жөкөрлөрү, эки-үч күндүн ичинде тил табыша калган саясатчылар Өмүрбек Бабанов жана башкалар менен өздөрүнчө митинг уюштуруп, эл алдында сүйлөдү. 

Ал УКМКнын, күч органдарынын башчыларынын орун басарларына тиш кайрыды. 

"УКМКнын башчыларынын орун басарлары эл душмандары. Биз элди кагылышууга алып барбайбыз. Бирок УКМКнын орун басарларын, офицерлерин өздөрү алып чыгат. Алып чыгышпаса, биз алып чыгабыз. Бүгүн-эртең карапайым митингчилерден бирөө-жарым бандиттердин курмандыгы болуп калса, ал өлүм Сооронбай Жээнбековдун моюнуна илинет", - деди.