Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 5-бөлүгү менен Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

Маалыматка караганда, буга Кубатбек Бороновдун берген арызы негиз болгон.

Мыйзамга ылайык, өкмөт курамы да отставка кеткен болуп эсептелинет. Премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлер, өкмөт мүчөлөрү жаңы өкмөттүн курамы бекитилгиче кызмат милдетин убактылуу аткаруучу болушат.

Жарлык кол койгондон тартып күчүнө кирет.