Айрым маалымат каражаттары Садыр Жапаровдун соттон акталдым деп айтканы калп экенин жазып, муну менен саясатчы коомчулукту адашууга түртүп жатканын белгилешкен. Бирок анализдеп көргөндө Садыр Жапаровдун айтканында чындык бар, анткени Жогорку сот ага карата мурда кабыл алынган өкүмдү жокко чыгарып, кылмыш ишин сотко чейинки өндүрүш үчүн Башкы прокуратурага жөнөткөн. Демек, Садыр Жапаров соттолбогон болуп калды, эми анын саясий ишмердүүлүгүнө эч кандай тоскоолдук жаралбайт. Мисалга алсак, ИИМдин министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов дагы тергөөдө жүргөн, бирок бул анын парламентке депутаттыкка талапкерлигин коюуга жолтоо боло албады.

Бул боюнча юридикалык илимдердин доктору Бекбосун Бөрүбашев мыйзамда премьер-министрдин дайындалуусу тууралуу эмнелер көрсөтүлгөнүн айтып берди.

Айтымында, КР Конституциясынын 84-беренесинде бардык пунктар так көрсөтүлгөн.

-Биринчиден, көпчүлүк коалиция премьер-министрге талапкерди ал өз программасын жана министрлер кабинетин сунуштагандан кийин бекитет. Экинчиден, ага президент кол коет, андан кийин гана талапкер легитимдүү шайланган премьер-министр болот, - деди Бөрүбашев.

Ал эми Садыр Жапаровго карата Жогорку соттун чечими боюнча эксперт бул жерде юридикалык жагдайлар бардыгын белгиледи.

-Кандай болбосун бул маселелердин баарын Садыр Жапаровду премьер-министрликке көрсөткөн Жогорку Кеңеш чечиши керек, - деди ал.