-Парламенттик шайлоо бардык эл күбө болгондой, аябай ыпылас жол менен өттү. Ошондуктан, эл анын ичинде мен да бар, төңкөрүшкө катыштык. 5-октябрда түнү жалпы кыргыз жаштары биригип бийликти алдык. Биздин максат адилеттүү бийликти орнотуп, элдин үмүтүн, ишенимин актаган лидер келип, Кыргызстанды жакшы жолго салса деген тилек болгон. Тилегибиз орундалып, Садыр Жапаровду бошотуп келип, аянтта турган көпчүлүктүн каалоосу менен премьер-министрликке көрсөткөнбүз. Баары мыйзам чегинде болуп, Жогорку Кеңештин депутаттары топтолуп, жалпы депутаттарынын экиден биринин добушу менен Садыр Жапаров легитимдүү өкмөт башчыга айланган. Бирок азыр эмне болуп жатат? 5-октябрдан бери уйку бетин көрбөй, талап-тоноочулук болбосун деп шаарды кайтарып жүрөбүз. Ал эми ар кайсы саясий күчтөр бийлик талашууга киришти. Жаштарды курал катары колдонуп, элди ынтымакка, биримдикке чакыруунун ордуна, топ-топко бөлүп, легитимдүү премьер-министрдин иштөөсүнө бут тосушууда. Кыш келатат, өлкөнүн кышка даярдыгы кандай деген маселелер алардын башын ооруткан да жок. Саясатчы сөрөйлөргө кресло болсо эле болду экен, аянтка келишип, акча таратышып, элди өз тарабына оодарууга аракет жасап жатышат. Алар элди бири бири менен каршылаштырып, жарандык согуш чыгарууга ниеттенип жатышкандай.

Мен эл-журтка, жаштарга кайрылам: эсибизге келели. Кеч боло электе, өлкөнүн укук талаасына киришине өбөлгө болуп, мамлекетибизди сактап калалы! Садыр Жапаровдун программасын уктук, 15-20 күндө биринчи жыйынтыктарды көрө баштайсыңар деди. “Кумтөрдү” элге алам, люстрация мыйзамын киргизем, бир мандаттуу шайлоого кайтарам деди. Элдин мүдөөсү ушул эмеспи. Дагы бизге эмне керек?! Биз Садыр Жапаровго көмөктөшүп, өлкөнү саздан чыгарып кетүүсүнө жардам берели!