Жогорку Кенештин депутаты Жылдыз Мусабекованын коркпой, үркпөй чындыкты айткан жүрөктүүлүгү, кээ бир мырзаларда жок эркек мүнөзү бар. Андай сапаттарын эжени жакындан тааныгандар жакшы билишет. Анын айткандарына ишенсе болот. Мына ошол Жылдыз айымдын Текбаевдин бийликти мыйзамсыз басып алууга болгон аракети тууралуу айтканы бүгүнкү кырдаалга байланыштуу чындыкты ачыкка чыгарып, реалдуу картинаны бергендей болду.
Жылдыз айымдын айтканына ишенсек, Текебаев бүгүнкү будуң-чаң абалдан пайдаланып, Жанар Акаевди спикер, Бабановду премьер кылууну көздөптүр. Бирок тилекке жараша, андай планы, максаты ишке ашкан жок. Башкысы, бүгүнкү башаламандыкты уюштурууга, хаостук абалдын түзүлүүсүнө Текебаев баштаган ата мекенчилер өтө кызыкдар болгондугу белгилүү болду.
Саясаттан кеттим деп жар салган Өмүрбек Чиркешовичтин андай акнтиконституциялык жолго баруусуна эмне күч келди? - деген мыйзам ченемдүү суроо туулат. Чындап келгенде, Текебаев партиясынын саясий ресурсу түгөнүп, шайлоодон жеўишке жетишүү мүмкүнчүлүгү жок калганын жакшы түшүнгөн. Ошол себептен партия лидерлигин Жанар Акаевге өткөрүп, партия курамын жанылоо менен партиясын парламентке өткөрүүгө акыркы мүмкүнчүлүгүн жасаган.
Шайлоонун жыйынтыгы ал күткөндөй болбой калды. Шайлоочулардын добуштарын сатуу көрүнүштөрүн (бул өзүнчө маселе) эске албаганда, бүгүнкү автоматташтырылган шайлоо системасында добуштарды уурдоо мүмкүн эместигин Өмүрбек Чиркешович эн сонун билет. Демек, Ата-Мекен партиясы шайлоочулар канча добуш берсе, ошонун баарын алды. Ал добуштар босоголук чекке жакындаган жок.
Бул жагдай Өмүрбек мырзанын акыркы үмүтүн суу сепкендей өчүрдү, кайрадан шайлоо болсо, кайра эле ушул добуштарды аларын түшүндү. Эмне кылуу керек? Ва-банктык аракетке өтүп, Жылдыз эже айткандай бийликти мыйзамсыз жол менен тартып алуу кадамдарына барды. Премьер болот элем деп жулкунуп аткан Тилек Токтогазиев Өмүрбек Чиркешовичтин колундагы куурчак экени өзүнөн өзү түшүнүктүү болду.
Не дейбиз, ар дайым мыйзамдуулукту оозанып, башкаларды мыйзамдуулукка чакырууну жакшы көргөн Өмүрбек Текебаевдин мамлекеттин бүтүндүгүнө, элдин тынчтыгына шек келтирген мыйзамсыз аракетин эл, шайлоочулар билип, алдыдагы шайлоодо добуштары аркылуу өз бааларын бериши керек.
Мирлан Дүйшөнбаев