Биринчи жолу - элге ишенип ЖКда Кумтөр маселесин көтөрүп , комиссияны жетектеп, "Кумтөрдү" ийне жибине чейин иликтеп, андагы коррупциялык элементерди таап маселени кабыргасынан койгон. Тилекке каршы ЖКнын депутаттары Кумтөргө сатылып, кыргыз эли да колдоого ала албай күнөөсүз темир торго кирип кеткен.
Экинчи жолу - кыргыз эли улуттук лидерин жабылып күтүп алат КРга кайтып кел деп айтылган чакырыктарга соцтармактагыларга ишенип КРга келип кайрадан темир торго кирип кеткен. (Бабановго окшоп билеттин кайра өткөрүп келбей койсо деле болмок)...
Үчүнчүсү учурдагы - Кечээ эл алдына чыгып учурдагы чириген системаны түп тамыры менен алмаштыраарын жар салды. Жогорку Кеңештин саны 55 тен 70ке чейин жана аларды бир мандаттуу принципте шайлаш керектигин, Өкмөттүн аппараты менен Президенттин аппараттын бириктирип аткаруу бийлигин Президент колго алыш керектигин, Курултай институту, жана ушул сыяктуу олутту реформаларды камтыган Кыргыз элинин менталитетине ылайыктуу Баш мыйзам ишетилип чыгып эки ай ичинде Реферундум аркылуу кабыл алынаарын айтты. Албетте элге ишенип, нукура элдик бийликти орнотоорун жашырган жок. Бирок бул аракеттер кошуна өлкөлөргө, Россияга да , океандын ары жагындагыларга да жаккан жок. Кыргыз өлкөсүнүн тез арада өсүп өнүгүп кетүүсүн каалабаган сырткы күчтөр, Кыргызстанды кошуп алууга эки көзү төрт болгон Россия -Атамбаев, Бабанов, Мадымаров аркылуу, ал эми батыш - өзүнүн акырынан жем жеген НПОлор, батышчыл көз караштагы жарандар, "Ата Мекен", "Реформа" партиялары аркылуу С. Жапаровго бийликти бербөө аракетин көрө баштады. Мындай учурда жападан жалгыз душманы С. Жапаровду "Кумтөр" да карап турмак беле. Бир жагынан "Кумтөр" да ар кайсы күчтөргө, маалымат булактарын каржылап Жапаровду жамандатып жатып калды.
Баатырын баалай албаган шордуу элим ай, бирде тигиге ишене албай айды карап, же башкага ишене албай сайды карап элдин дагы башы катып маң болду. "Эсибиз барда этегибизди жаап" туура жолду тандап, туура чечим кабыл албасак мындай мүмкүнчүлүк мындан кийин келбеши да мүмкүн.
Замирбек Көчөрбаев