Дагы алданып калбай алгач кыргыз жыттанган Конституциялык реформага баруу зарыл. Уюштуруу иштерин кыргыз жыттанган, кыргызга духу жакын Премьер-министр С.Жапаровго толугу өткөрүп берүү зарыл.
Реформанын өзөгүн төмөндөгүлөр түзүүсү зарыл.
1. Элге башкаруу формасын тандоону алып чыгуу керек.
2. Жогорку Кеңешке депутаттар бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек. Саны 65тен көп болбоосу шарт.
3. Кош бийликти жоюп Президент же Премьер-министр бирөөсү эле калышы керек.
4. Өкмөттүн курамы 10 министрлик менен чектелиши керек.
5. Облустук бийлик жоюлуп, райондорду бириктирип, 30дан ашпаган аймактар түзүлүүсү керек. Ошол менен катар эле айыл өкмөттөр дагы ирилешүүсү абзел.
Ушундай өзгөрүүлөрдү камсыз кылуучу Конституцияны кабыл алган соң гана Парламенттик, Президенттик шайлоого барышыбыз керек. Эл дагы аягына чейин ошол реформаны талап кылуусу зарыл.
Бул өзгөрүүлөр менен катар эле шайлоолор 6 айдан кечиктирилбей өткөрүүсү зарыл.
Ошол себептен стабилдүүлүк үчүн (башкаруу үчүн эмес) легитимдүү Президентибиз С.Ш.Жээнбеков өлкө башында туруп туруусу өтө зарыл.
Ал эми бардык уюштуруу ишин Премьер-министр С.Жапаров башында турган өкмөт мүчөлөрү өз моюнуна алышсын.
Азыр байкагандай кыргыз жыттанбаган, кыргыз духу байкалбаган кээ-бир күчтөр "парламенттик шайлоодо сатып алды, сатты" дешип, эми азыр кайра эле ушул системаны коргоп калуу аракетинде Премьер-министр С.Жапаровду каралап, аны иштетпөө аракетине катуу киришти. Алардын артында батышчылдар жана көпөстөр тураарын карапайым эл түшүнүүсү зарыл. Кыргыз жыттанган калайык, өз уулдарыңдын жытынан таанып бил.