Камчыбек Ташиевдин “24.kg” маалымат агенттигине берген маеги

-Камчыбек Кадыршаевич, акыркы эки күндө сиз досуңуз Садыр Жапаровду дайыма коштоп жүрөсүз. Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары экөөңүздөр криминалдын жардамы менен өлкө бийлигин колго алууга аракеттенип жатканыңыздарды айтууда. Сиз эмне дейсиз?

-Учурда биздин бардык аракеттерибиз коомдук тартипти турукташтырууга багытталган. Азыр чечимдерди кабыл алуунун легитимдүү борбору болуп өлкө президенти жана парламент эсептелинет. Дастанбек Жумабеков спикерликтен өз эрки менен кетердин алдында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чакырган.

Биз өлкөнү тынч жашоого кайтарууну каалайбыз. Анан бул маселени криминалдардын жардамы менен чечүүгө болобу? Криминал тууралуу сөздүн баары  чындыкка дал келбейт, ал биринчи кезекте мыйзамдуу шайланган премьер-министрге каршы багытталып жатат. Мунун баары бүгүнкү күндө колунда бар рычагдарды пайдалануу менен бийликти басып алууну каалагандарга керек. Аларга андан башка эч нерсенин кереги жок. Өлкөнүн тынчтыгы да, мамлекеттүүлүктүн да.  

-Сиздердин Раим Матраимов, Камчы жана башка УКТнын мүчөлөрү менен кандай мамилеңиздер бар? Эки жыл мурда сиз бажы жетекчисинин мурдагы орун басары тууралуу жазганы үчүн ММКларды  сынга алдыңыз эле. Сиздин жакшы бала тууралуу же ММКдагы билдирүүлөргө карата пикириңиз өзгөрдүбү, өзгөргөн болсо эмнеге? Өзгөрбөгөн болсо – эмнеге?

-Менин УКТ лидерлери менен эч кандай байланышым жок. Эч убакта мамиле да түзгөн эмесмин. Раим тууралуу. Мен “Азаттыкка” маек берип жатып, анын мен билген адамдык сапаты тууралуу айткам. Анын коррупциялык иштерине келсек, эч кандай жеңилдик берилбеш керек.

Мен аны ошондо эле айткам. Үгүт маалында шайлоочулар менен жолугушууда бул суроого бир нече жолу жооп бергенге туура келди. Мен “Мекеним Кыргызстан” партиясы шайлоочулардын добушун сатып алып жатканын ачык эле айткам. Элден добуш сатпоосун сурангам. Аны менен катар биз бул шайлоодон жеңишке жетиштик, бир гана коррупционерлер менен олигархтардын партияларынан жеңилдик.

-Өлкөдө курч саясий кризис орун алды. Ким жана качан тартип орнотот?

-Биз так ушул багытта иш алып баруудабыз. Кыргызстанда легитимдүү премьер-министр бар (Садыр Жапаровду айтууда – ред.) Ал коомго тынчтыкты камсыздоого бардык күчүн жумшап жатат. Күзгү-кышкы мезгил  келип калды, биз даяр болушубуз керек.

Бирок бир катар саясий күчтөр жаңы дайындалган премьерге бут тосуп, туруктуу режимде иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Кайталайм, аларды өлкө тагдыры кызыктырбайт. Алардын баары жаштардын артына жашынып алышкан. Жакында жүздөрү ачылат.  

-Сиз биз иштеп жатабыз, биз каалайбыз дегенди көп кайталадыңыз... Биз – бул ким? Сиз Садыр Жапаров менен кайсы статуста дайыма чогуу жүрөсүз?

-Биз – бул биздин “Мекенчил” партиясы. Биздин саясий уюм премьер-министрликке Садыр Жапаровду көрсөттү. Ал мыйзамдуу, демек, биргеликте иштейбиз.

 

 -Сиздер жана башка саясатчылар өлкөнү жоготууга алып баратканыңыздарды сезип атасыздарбы?

-Конкреттүү биз өлкөнү бул жоготуудан алып чыгууга аракеттенүүдөбүз. А башка саясатчылар эмнени каалашат, өздөрүнөн сураңыздар. Бир гана башында Садыр Жапаров жана мен турган биздин команда парламент депутаттарын чогулта алды. Алар жаңы спикерди жана премьер-министрди шайлашты. Өлкө акыр аягында укуктук талаага кайтып келиши үчүн баарын жасашты.

 -Кечээ ЖК депутаттары Садыр Жапаровду өкмөт башчылыгына бекитишкен жок...

-Аны булар ага чейин, “Достук” отелинде бекитишкен.

-Төрт күндөн бери коркунучта, нанын таап жегенге мүмкүнчүлүгү жок отурган кыргызстандыктар эмне кылышы керек?

-Жаңы премьер-министрге ишенип, колдошу керек. Легитимдүүнү. Ошондо биз тартип орното алабыз. Биз бардык аң-сезимдүү саясий күчтөрдү кызматташууга чакырабыз, мамлекеттин бүтүндүгү жеке амбициялардан жогору.

-Эмнеге ушул убакка чейин өлкөнүн легитимдүү президенти менен сүйлөшүүлөрдү эч ким жүргүзгөн жок?

-Биз азыр анын кайда экенин да билбейбиз. Эгер Сооронбай Жээнбеков байланышка чыкса, биз чогуу отуруп, Кыргызстандын президенттигинен өз эрки менен кетүү боюнча арызын алууга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даярбыз.