Ош шаарынын борбордук аянтында 7-октябрда да митинг уланды. Анын катышуучулары Ош шаарынын мэрлик кызматына Таалайбек Сарыбашовду кайра ордуна отургузууну талап кылышты. Митингчилер бир аз мурдараак эле аны мэриянын имаратына алып кирип, кабинетине отургузушту. Ал эми андан бир күн мурда мэр болуп дайындалды делген ЖК депутаты Дүйшөн Төрөкулов бир топ адамдардын коштоосунда сыртка алып чыгарылды.

Таалайбек Сарыбашов мэриянын ичинде журналисттерге интервью берип, мыйзамдуу мэр экенин белгиледи. Бирок 6-октябрда ага шаардык кеңештин 31 депутаты ишенбөөчүлүк көрсөтүп, мэрик кызматтан кетирген. Бул тууралуу мриянын маалымат кызматынан да кабарлашкан.

Сарыбашов мыйзамдуу мэр экенин мынтип түшүндүрдү: “Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктары бүткөн. Алар мени кетирүүгө юридикалык акысы жок. Ошол үчүн мен мыйзамдуу мэрмин”,- деди ал.

Маалымат жыйынынан соң Сарыбашов митингчилерге чыгып, мыйзамдуу мэр экенин кайталап, күч түзүмдөрү коомдук-коопсуздукту камсыздай турганын билдирди. Трибунада аны менен Дүйшөн Төрөкулов да катар турду. Ал да микрофон алып, мыйзамдуулук тарапта экенин билдирди.

Мындан соң Төрөкуловду Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү кылып дайындоо талабы айтылып, облустук администрацияга кирүүгө чакырык айтылган менен киришкен жок.

Ал эми кечээ өзүн Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн башчысы деп жарыяланган Калмамат Анапияев бүгүн, 7-октябрда өз ыктыяры менен кайра тапшырганын билдирди. Ал бул кызматты 6-октябрда кечинде ээлеп алган. Ушул эле күнү өкүлчүлүктү Төлөгөн Келдибаев башкара турган болгон эле. Бирок ал экөө талашып-тартышып атып, акырында Калмамат Анапияев башкара турган болгон. Бирок  7-октябрда, Ош облусунун жетекчилик кызматты Өкмөттүн Оштогу өкүлүгүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиевге жүктөлгөнүн Анапияев өзү билдирди.

Ал эми түштөн кийин Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы маалымат таратып, бул кызматта Байыш Юсупов өзү эле иштеп жатканын айтты. Ал бул кызматка 1 ай башта келген болчу.

Маалымат кызматы тараткан кабарга ылайык, Юсупов аймактагы эпидемиологиялык абал боюнча кенешмесин өткөргөн.

Ал арада райондордо да бийликтер алмашып, кайра ордуна коюлуп жатат. Мисалы, Кара-Суу районунун акимчилигин белгисиз адамдар ээлеп алышты.

Ал эми Араван районунун акимин да кетиргени кабарланган. Бирок өз ордунда калтырып, аймактын тынчытыгын сактап, баш аламандыкка жол бербоого аксакалдар чакырышкан жана аны ордуна калтырган. Ошентип Араван районун акими өз ордунда иштеп жатат. Мындан сырткары, Кара-Кулжа, Алай сыяктуу бир канча райондордун акимдери да өз ордунда иштеп жатканы кабарланды.

Ош шаарына бир күн мэр болуп, кийин Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болууну каалаган Дүйшөн Төрөкуловдун тарапташтары аны облус жетекчилигине көрсөтүп гана тим турат.

Ал эми түндө Эл аралык издөөдө жүргөн Мелис Мырзакматов Ош шаарына келип, борбордук аянттагы тарапташтары менен жолуккан. Тарапташтары анын талапкерлигин мэрлик кызматка көрсөтүп жатышкан. Бирок азырынча ал мэр болуу тууралуу каалоосу бар же жок экенин билдире элек. Бирок ал митингде сөз сүйлөп, Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн Ош, Баткен жана Жалал-Абад обустары, анын буйругу менен иш алып бара турганын билдирген.

 

А. Каракозуев, Ош шары.