Садыр Жапаровдун түрмөдөн чыкканына абдан кубандым, ишенип коюңуздар, көзүмдөн жаш чыкты. Аллах күбө! Ушул жигит чынында элди ойлогон жигит. "Кумтөр" - биздин келечекти какшатып жаткан ажыдаардын тумшугу. Ошону менен күрөштү. Бийлик бул жигитти сатып жиберди. Өзүнүн элинин таламын талашып жаткан жигитти бийлик өзү каматып берди. Эй, сынбай койду бул жигит. Мен тан бердим. Бузулуп кетпесин, көз тийбесин, эркек экен дедим! Аллах насип кылса бул жигиттин колун кыскым келип жүрөт. Жөн гана, азамат экенсиң, бар экенсиң, үмүт бердиң жашоого деп колун кыскым келип жүрөт.