"Өзүңүздөргө белгилүү болгондой мамлекетте акыркы күндөрү кырдаал курчуп кетти. Аны жөнгө салуу максатында, шайлоочуларга убада бергендей, Садыр Жапаровду түрмөдөн алып чыгып, актатып, ЖК депутаттарынын 62синин добушу менен өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу кылдык.  Булардын баарын мамлекетти мыйзам талаасына алып келип, мыйзамдуу иштерди жасайлы деген ниет менен жасадык. Биз бир да мыйзамсыз иш кылбадык, жада калса  бир да кароолчу дайындабадык. Бирок көптөгөн саясий күчтөр, Сурабалдиева, Токтагазиев сыяктуулар башка ниетти карманышууда. Токтогазиев 200 адам чогултуп, өзүн премьермин деп атап алды. Бул биринчиден мамлекетти ойлобогондук, экинчиден маңкурттук. Мамлекеттин биримдигин сактоо башкы милдетибиз. Ар кандай кызмат орундарына чуркап, портфель талашкандар - карөзгөйлөр. Бизге байлык, бийлик керек эмес, мамлекет бүтүн бойдон сакталышы, укуктук талаага кириши маанилүү. Ошого бардык күчүбүздү жумшап, 3-4 күндөн бери чуркап жүрөбүз. Кыргызстанды Кудай буйруса, укуктук талаага алып келдик. Жаңы өкмөт башчы, спикерди шайладык. Эми Садыр Нургожоевич өкмөттүн курамын бекитип, алдыга жылышыбыз керек. Бирөө тияктан 2000, бирөө бул жактан 2000 адам чыгара берсе кандай жакшылык болсун?" - деди Камчыбек Ташиев. 

Ошондой эле, ал кыргызстандыктарга кайрылып мекенибиздин бүтүндүгү бүгүн ар бирибиздин ниет-тилегибизден көз каранды болоорун белгиледи: 

"Мен ар бир жаранга кайрылам: жалган маалыматтарды таратышып, Садыр Жапаров Матраимовдон менен сүйлөшүп алган деген сыяктуу имиш кепти жайылтып, кээ бирлер провокация жасап жатышат. Матраимовдор качып кеткен болсо, кайдан сүйлөшүү болот? Президенттин кайда экенин билбейбиз, аны эч ким көрө элек. Биз мыйзам чегинде, ар кандай топторго бөлүнүн, чабышпастан мамлекетти сактап калышыбыз керек. Андай кылбасак, ар кандай сырткы күчтөр, куралдуу күчтөр чогула баштаганы тууралуу кабарлар бар. Ар бириңиздерге Кыргызстан керек болсо, ар бириңер аракет кылгыла! Ар бир аракетибиз мыйзамдуу болсун!"