«Келечекке Жол» мониторинг борборунун К А Й Р Ы Л У У С У:

"Урматтуу Кыргызстандын жарандары!

2020-жылдын 4- октябрында өткөн шайлоонун жыйынтыгына каршы чыгып нааразычылык билдирген жарандар, негизинен жаштар Кыргыз бийлиги жайгашкан Ак үйдү, өкмөт имаратын, мэрияны жана башка имараттарды басып алышты. Кыргыз Республикасынын Президенти тууралуу «өз ишин башка шартта улантууда» деген маалыматтар бар.

Өлкөдөгү абал ото опурталдуу бойдон калууда.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бир топ саясий катачылыктарга жол бергендигине карабастан 5 - октябрда тынч жыйынга чыккан миндеген адамдардын өкүлдөрүн, партия жетекчилерин кабыл алып койгондо мындай массалык тополоң болбой, бардык башаламандыкты алдын алып калууга мүмкүнчүлүк болоор эле. Партиянын жетекчилери дагы чыккан адамдарды тынчтыкка чакырып, жаштарды мыйзамдуулукка үндөп турганда мындай абалга кептелбейт элек.

Мониторинг борборунун акцияга чыккан адамдарды кабыл алуу боюнча өтүнүчүнө жакшы маани берилбей, Президент убакытты уттуруп, абалды колдон чыгарып жиберди.

Парламентке катышкан партиялардын жетекчилери, өкүлдөрү кирген «Координациялык Кеңеш» деген бирикме көп суроолорду жаратат. Ал аталган кеңешке аты ар түрдүү иштер менен булганган, саясатта көп жыл жүрүп калган, кылмыш иштери козголуп тергөө органдарында суралган, мамлекеттен башка өлкөгө качып кетип, түрдүү амалдар менен кайрылып келген, мамлекетке зор суммада зыян келтирип, оор беренелер менен көп жылга соттолгон адамдар кирип алганы элдин нааразылыгын туудурууда.

Башка дагы ушул сыяктуу мыйзамсыз органдарды түзүүнү тезинен токтотуш керек. Бул аракеттер өлкөнүн коопсуздугуна шек келтирет.

Жогорку Кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп Садыр Жапаров шайланды. Эми мыйзамсыз, убактылуу түзүлгөн Координациялык Кеңеш тезинен тарап кетиш керек. Конституциялык Кеңештин сунушу менен түрдүү кызмат ордуна мыйзамсыз дайындалган саясатчылар кызмат ордун кайрадан тапшырып, Премьердин токтомунун жана Жогорку Кеңештин чечиминин негизинде гана келиши керек.

Аткаруу бийлиги жаңы шайланган премьердин колуна өтүшү мезгилдин талабы.

Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы Абдылдаев Мыктыбек мырзанын шайланышы мыйзамдуу. Ал өлкөгө кадыр-баркы бар, арты таза, калыс, сабаттуу депутаттын бири болгонун таанышыбыз керек.

Оор кылмыштарга шектелген, киши өлтүрүүгө, мамлекеттик төңкөрүшкө түздөн түз тиешеси бар адамдар түрмөдөн мыйзамсыз чыккандыгына карабастан уялбай кайрадан саясатка кайтып келиши соттордун чечиминин легитимдүүлүгүн жокко чыгарып, өлкөдө тартипсиздик жана башаламандыктын болушуна кеңири жол ачат.

Бошотулгандардын ичинен бир гана Садыр Жапаровдун эркиндикке чыгышы калыс, адилеттүү иш болду. Ал ата-энесинен, уулунан айрылып, түрмөдө зордук-зомбулукка кабылып көрбөгөн азапты көрдү. Эч күнөөсү жок ушунча жыл түрмөдө жатты.

Эми ошол мыйзамдык легитимдүүлүгү жок «Координациялык Кеңештин» курамына кирген партиялар өлкөдөгү оор абалды турукташтыруунун ордуна бийлик бөлүштүрүшүп, министрликтердин башына өз адамдарын коюп жатышы өлкө коомчулугунун, митингге чыккан жарандардын жана жаштардын кыжырын келтирүүдө.

Массалык акцияга чыккан жаштар партиялардын мындай аракеттерин ачык эле сындай баштады.

Жаштар коомдун кыймылдатуучу күчү болуп саналат.

1990 -жылы болгон түстүү революциясы, 2005- жылы болгон жоогазын революциясы, 2010- жылы болгон апрель революциясынын баарын жанын оозуна тиштеп жатып жаштар ишке ашырды.

Бирок анын жемишин куу саясатчылар, ар бийлик сайын кубулган чиновниктер көрүп келет. Жаштар 30 жылдан бери каралбай, аларга тиешелүү турмуштук шарттар түзүлбөй саясатчылардын куралы катары колдонулуп келе жатат.

Азыр өлкөдөгу абал өтө опурталдуу бойдон калууда. Элибиз жазында болгон эки айлык карантинден жабыркап турган маалы. Азыр кышка даярдык көрүшүбүз зарыл. Элибиз мындай толкундоолорду көтөрө албайт. Өлкөгө тынчтык керек. Эгер бейпилдикти тезинен калыбына келтирбесек, элибиз башаламандыкка жана мыйзамсыздыкка учурап,  өтө оор күндөргө кабылабыз.

Азыркы эң зарыл маселе башаламандыкка жана мыйзамсыз аракеттерге жол бербей, өлкөнү укуктук талаага кайтарып келүү болуп саналат. Жаңы премьер-министрдин шайланышы абалды турукташтырууга чоң салым кошот.

Учурдагы Президент Сооронбай Жээнбеков дагы жакынкы аралыкта кызмат ордуна чыгып абалды жөнгө салуу боюнча
Президенттик милдетин улантуусу керек. Бул өлкөнүн мыйзамдуу талаага келүүсүнө жакшы шарт түзөт. Ал эми Президент өз ишмердүүлүгүн эл алдында ачык уланта албаса, кызматын өз эрки менен тапшырып берүүдөн башка жол жок.

Өлкөдөгү абалды жөнгө салуу баарынан ыйык иш.

«Келечекке Жол» мониторинг
борборунун жетекчиси,
белгилуу укук коргоочу Турсунбек Акун