"Азыркы Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алган чечим легитимдүү болуп саналат. 65 депутат премьер-министрдин милдетин убактылуу аткаруучу кылып Сады Жапаровду шайлаштыбы, демек ал легитимдүү премьер-министр. Бул мамлекеттик мыйзам. Координациялык кеңеш кырдаалга байланыштуу түзүлөт, 2005-жылы, 2010-жылы да түзүлгөн, өлкөдө бийлик жок учурда сот, прокуратура иштебей турганда, шаарды, элдин тынчтыгын сактап калуу максатында иш алып барат. Мен 16 партиянын лидерлерине кайрылат элем, келгиле, напсини тыялы. Кош бийлик деп кресло үчүн элди бөлүп албайлы. Кыргызстан бөлүнбөсүн! Жогорку Кеңештин депутаттарынын чечими менен шайланган Садыр Жапаровду биз, Жалал-Абад эли легитимдүү премьер-министр деп билебиз", - деди саясат талдоочу Максат Абдукаимов.