"Ата Мекен" партиясынын көшөгө алдындагы жасалма лидери Жанар Акаев соцтармактагы баракчасына Садыр Жапаровду өкмөт башчынын милдетин убактылуу аткаруучу кылып шайлаган парламенттин чечими мыйзамсыз экенин айткан билдирүү жасады. Ал "Биримдик" жана "Мекеним Кыргызстан" партияларынын мүчөлөрү  катышкан жыйын өкмөт башчыны дайындаганына каршылык билдирген. Ошондой эле: "Жогорку Кеңештин көпчүлүгүн биз чогултабыз, өкмөттүн курамын таза жаштар толуктасын", - деген. 

Жанар Акаев жогоруда айткан партиялардын талапкерлери бүгүнкү 6-чакырылыштын мыйзамдуу депутаттары экенин унутуп калган өңдүү. Биз каалабаган учурда да парламенттин 6-чакырылышынын мөөнөтү бүтө элек, жаңы курам ант бергиче алар ишмердүүлүгүн уланта беришет. Ошондуктан, учурдун депутаттары кечээ кайсы партиялардын катарында депутаттыкка талапкер болгону тилекке каршы, мыйзам алкагында мааниге ээ болбой калат. Алар жыйынга "Мекеним Кыргызстан" же "Биримдиктин" атынан катышкан жок, 6-чакырылышта алган мөөнөтү бүтө элек мандаттары менен иш жүргүзүп жатышат.

Жаш лидер жаштардан өкмөт кураганды каалап жатат, анысы балким ыктуу. Бирок кайсы жаштар? Артында карт саясатчы Өмүрбек Текебаев туруп, ошонун жазып берген сценарийи менен роль аткарганы үчүн өзүн татыктуу жаш сезеби? 

Кечээ эле Раимдин аркасы менен "Ата-Мекенге" ээ болуп, мурунку СДПК, андан кийинки өзүнүн СДПКсын сатып, бир айда үч секирик жасаган Жанар Акаев жанталашып, бийликке жулунуп жатканын эл көрүп турат.  Сен провокация кылып, элдин башын айландырба, уят! "Биримдик" менен "Мекенимдин" жыйыны эмес! Өзүң деле кечээ өз алдынча депутаттарды чогултуп, бирок мүдөөң ишке ашпай калганын көрдүк го.