Кыргызстан Жашылдар партиясынын лидери Эркин Булекбаев өлкөгү бүгүнкү кырдаал жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп Садыр Жапаровдун шайланышы тууралуу пикирин билдирди.
"Биринчиден, Кыргызстан Жашылдар партиясы жана Жашылдар кыймылы үй-бүлөлүк кландын башкаруусуна каршы чыккан, акыйкаттуулук үчүн күрөшкөн, Кыргызстандын биримдиги жана келечеги үчүн бек турган жарандарга ыраазычылык билдирет!
Эми Кыргызстанды укуктук талаага киргизүү зарыл. Учурда өлкөдө легитимдүү эки бийлик иштеп жатат: укук коргоо органдары жана Жогорку Кеңештин биз “чимкирик” деп атап келген 6-чакырылышы. Парламенттин бул чакырылышынын мөөнөтү бүтүп баратса да, биз каалаган – каалабаган учурда да, ошол депутаттар легитимдүү бийлик ээлери. Кечээ парламенттин 62 депутатынын колдоосу менен премьер-министрдин милдетин убактылуу аткаруучу кылып Садыр Жапаровду дайындоо чечими кабыл алынды. Бул – мыйзамдуу чечим.
Ал эми түзүлүп жаткан ар кандай уюштуруу комитеттери, коомдук бирикмилер, кыймылдардын да өздөрүнө жараша статусу бар. Саясий партиялардын да статусун танууга болбойт. Алар кайрылуу жасоого, кат жазууга, кайсы бир жагдай тууралуу пикирин айтып чыгууга укуктуу. Бирок өлкөнүн башкаруу структурасын бийлик бутагы кабыл алат. Бул жаатта парламент өз милдетин аткарып, Садыр Жапаровго өкмөт башчысынын милдетин убактылуу аткарууну берип, өлкөнү укуктук талаага киргизүүгө биринчи кадам жасалды.
Мен Бишкекте болгон митингди түз эфир аркылуу соцтармактарга жайылтып келдим. Митингчилер менен аралаштым, алардын пикирин уктум. Менин байкашымча, “Ала Тоо” аянтына чогулган көпчүлүк, жаштар Садыр Жапаровду колдоп жатат. Бийликти Сариев, Мадумаров, Жапыкеев, Текебаев, Атамбаев ж.б. саясатчылар алмаштырган жок. Бийликти акыйкатсыздыкка, теңсиздикке күйгөн эл алмаштырды! Андыктан, элдин каалоосу аткарылышы керек!
Садыр Жапаров көп жолду басты, оттон, суудан өттү, чет өлкөдө жүрдү, абакта отурду – кагынып, көсөм болду. Курчуду, турмуштун ар кандай сабактарынан тажрыйба топтоду. Ошондуктан, Кыргызстан Жашылдар партиясы бүгүн Садыр Жапаровду колдойт. Ал телеканалдардын бирине берген маегинде система өзгөрөөрүн, бир мандаттуу шайлоону кайтарууну убада кылды, коомчулук да талабы ушул. Өзүнө жоопкерчилик алды", - деди Эркин Булекбаев.