Садыр Жапаров 5-каналдын түз эфиринде элге кайрылуу жасады. 

"Урматтуу, кыргызстандыктар. Биринчи кезекте "Ала Тоо" аянтында болуп жаткан митинг тынчтык жол менен тарап кетишиңерди суранамын. Эч кандай провокацияга алдырбай, мародерчулукка барбай, кыргызстандыктардын маданияттуулугун бүткүл дүйнө жүзүнө көрсөтүүңөрдү өтүнөмүн.

Экинчиден, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйыны болду, анда мени премьер-министр кылып шайлашты. Өлкөдө легитимдүү бийлик орноду. Ошондуктан, мен сиздерге, бүткүл мамлекеттик кызматтарга, министрликтерге, облус, район, айыл өкмөттөргө эртеңден баштап кызматка чыгышыңыздарга буйрук беремин. Мурдагыдай иштей бересиздер. Эгерде жетекчи жок болсо, анын милдетин орун басарлар, орун басарлар жок болсо, андан кийинкилер аткарып кете бериңиздер. Өзү билип кызматтарды басып алгандардан суранаарым, мамлекеттин, элдин тынчтыгы үчүн ошол кызматты мыйзамдуу өкүлүнө тынч тапшырып бериңиздер.

"Ала Тоо" аянтында митингде жүргөн жаштар, абдан суранамын, Кыргызстандын тынчтыгы үчүн тынч тараңыздар. Мародерчулук болуп жатат деген маалыматтар келип жатат, суранам, андайды токтотуңуздар. Дагы бир маалымат келди - Садыр Жапаров криминалдар менен, Раим Матраимовдор менен сүйлөшүп алыптыр деген жалган маалымат таратып, контрреволюция өткөрүүгө жаштарды шыкактап жатыптыр. Андайды токтотуңуздар, мага жалган жалаа он жылдап жабылып келатат. Бүгүнкү күнү жалпы кыргыз эли мага жабылган жалаалардын баары жалган экенин билишти. Мен сабыр кылып чыдадым. "Ала Тоо" аянтына чыккан жаштар талап кылып атат, мамлекеттик кызматтарга жаштар келсин деп. Сөзсүз жаштар келет, эскилерди койбойбуз. Профессионалдуу эскилер анча-мынча аралышышы мүмкүн.

Коррупционерлер, уурулар сөзсүз кармалат, жазасыз калбайт. Бир жылдап, эки жылдап күтпөйбүз, он беш-жыйырма күндө коомчулукка чыга баштайт. Мага бийликтин, байлыктын кереги жок. Тарыхка күчтүү, тартип бекем орногон мамлекетти калтырууга ниетим бар. Байлыкка кызыкпайм, аны көрүңө көтөрө кетпейсиң. Муну мен иш жүзүндө далилдейм. Ошондуктан, мамлекеттин тынчтыгын бузбай туруңуздар, биздин иштин жыйынтыгын 15-20 күндөн кийин көрө баштайсыздар. Жалган маалыматтарга, шыкактоолорго алдырбаңыздар", - деди Садыр Жапаров.