Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулуп, өлкөнү укуктук талаага киргизүү маселесин карашты. Анда жыйынга катышкан депутаттардын 61 пайызынын добушу менен Садыр Жапаров өкмөт башчысы болуп дайындалды.
Буга чейин Садыр Жапаровду көпчүлүк эл президенттик тактыга отургузууга ниеттенишкен. Бирок саясатчы: "Мен бийликти мыйзамсыз жол менен тартып алгым келбейт. Бийликке барсам мыйзамдуу жол менен барышым керек. Ошондуктан депутаттардын жыйынгы чогулуусу маанилүү, алар кандай чечим кабыл алышса ошондой болууга тийиш", - деп жооп берген.