Бүгүн "Достук" мейманканасында өткөн чукул жыйында парламент депутаттары Садыр Жапаровду премьер-министр кызматына дайындоо маселесин карашат. Бул тууралуу КР БШКнын экс-башчысы Бакытбек Жумагулов журналисттерге билдирди.

"Бул процесс көчө демократиясынын форматына өтүп, көчө Садыр Жапаровду премьер-министр кызматына дайындоо маселесин көтөрүп жатат", - деди ал.
Vesti.kgнин кабарчысы билдиргендей, парламентчилердин жыйынына журналисттер кирүүгө тыюу салынган.
Буга чейин Чоң Казат партиясынын лидери Максат Мамытканов парламенттеги "чимкириктер" Жапаровду премьер-министр, андан кийин президент кылып дайындоону көздөп жаткандыгын билдирген.

Булак: vesti.kg