Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов Раимбек Матраимовго карата кылмыш ишин козгогонун билдирди. Ошондой эле 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарганын өзү АКИpress агенттигине билдирген.
Буга чейин «Бир бол» партиясынын өкүлү А.Шыкмаматов башкы прокурордун, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлү Курсан Асанов ички иштер министринин, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлү Өмүрбек Субаналиев УКМКнын жетекчисинин иш бөлмөсүн ээлеп, жетекчинин милдетин аткаруучу болгону жарыяланган.
Булак: Элгезит