ЖК депутаты Асылбек Жээнбеков Ош шаарында чогулган элге сөз сүйлөдү:
"Биз мыйзамдуу жол менен өзгөрүшү керек. Өзгөртө турган нерсени мыйзамдуу жол менен өзгөртүү керек. Шайлоонун өткөрүлүшүнө мен да нааразы болдум. Бирок аны оңдогонго, мыйзамга салганга убакыт керек эле, аны күтүшпөдү. Он-он беш миң адам көчөгө чыгып, калган көпчүлүк элдин атынан сүйлөп, алардын укугун, добушун тебелөөгө каршымын. Биз эл шайлаган мыйзамдуу бийлик өкүлдөрү менен гана иш алып барышыбыз керек. Азчылык көпчүлүккө баш ийиш керек. Көп адамдар азыр өз тиричилиги менен алек, короо-жайын жыйнап, малын багып, балдарын тарбиялап жатат. Алардын атынан беш-алты саясатчы элди өз кызыкчылыгына пайдаланганы болбойт. Сооронбай Шарипович биздин мыйзамдуу президентибиз, ал эч кайда качкан жок, азыр Бищкекте", - деди Асылбек Жээнбеков.