Той да бүттү…
- Тойдун учасы бийликке тартылды.
- Жамбашын долларга беришти.
- Кабыргасын чала криминалдар топтолгон өз адамына карматышты.
- Жулкунуп атып бириси гана шыйракты жулуп алганга жетишти…
Таттуу кыялдарды талкалап, системанын мыйзамы баарын өз орду ордуна койду. Мурун бийликтин күлүктөрү маарага биринчи келчү эле: "Алга Кыргызстан", "Ак Жол", СДПК деген…
Азыркы жаңылык - акчанын күлүгү экинчи келди.
Авторитардык - советтик системадан башканы күтүү - бери дегенде эле балалык кыял экени бул тойдо дагы бир ирет билинди …
Өмүрбек Абдырахманов, саясатчы