Кыргыз тарыхында, дегеле дүйнөлүк тарыхта эл башына лидерлерди тандоодо элдик добуштар эске алынып келген. Эл башына кеменгер, алысты көрө билген көсөм жол башчы келсе, элдин таалайы, ырысы артып, бакубат жашоого жетишет. Тескерисинче, мурдунун учунан алысты көрө албаган жетекчини же топту шайлап алса, андай элдин ырысы кемип, шору кайнайт.
“Келерки чакырылыштагы парламенттин депутаттары болобуз” деп өлкөбүздөн бир канча партиялар түптөлүп, саясий майданга түп көтөрүлө аттанып чыкканын көрүп турабыз. Ушундан улам, партиялардын көп болгонуна, элге кызмат кыла турган эр жигиттердин күч-кубаты бөлүндү болуп жатканына күбө болуп жатабыз.
Шайлоо дегенде эле эл бөлүнүп, уруу-уруунун ортосуна жик түшүп жатканын эгемендүүлүктү алган жылдардан берки шайлоо кампанияларынын практикасы көрсөттү. Талапкерди тандоодо бир үй-бүлөнүн ичинде болуп жаткан араздашууларды көрдүк. Ата менен баланын ортосунда пикир келишпесиктер жаралды. Туугандар бет карашпай калган учурлар болду. Шайлоо учурунда үй-бүлөдөн ырк кеткен жагдайлардын болгону да жашыруун эмес.
ххх
Шайлоо кампаниясында кайсы бир талапкерди мактап-жактап, экинчисин жамандаган таптакыр туура эмес. Мындай сөздөр эл ичинде ушактын таралышына себепчи болот. “Ии, шайлоо деген ушундай болот турбайбы” деп жаштарда жаман адаттын калыптанышына шарт түзөт. Өзүңүздөр билгендей, ушак – тилдин балээси эмеспи.
Ириде, өнүгүү үчүн ынтымак керек экенин унутпашыбыз керек. Албетте, мыйзам боюнча Кыргызстандын ар бир жараны шайлоо жана шайлануу укугуна ээ. Шайлоочу кимди каалап шайласа, өз эрки. Бул анын конституциялык укугу. Бирок менин айтайын дегеним, шайлоону өзүнүн тартиби, эрежеси, маданияты менен өткөрсөк жакшы болот эле.
Кайсыл мезгилде бийликке, байлыкка кайсыл учурда умтулса болот десек. Мамлекетке, элге-жерге жан дилиң менен кызмат кылып бере ала турган мүмкүнчүлүгүң болсо гана бийликке келүүгө, байлыка умтулууга акың бар. Тескерисинче, атак-даңк, курулай мансап, жеке керт башынын кызыкчылыгы үчүн же болбосо өзүнүн соодасын коргоо үчүн мамлекеттик маанилүү орунга келген болсо, андай адам эл алдында болбосо да, кудайдын алдында сөзсүз жооп берет.
Партиялар умтулуп жаткандан кийин жакшы чыксын, мамлекетке, элге кызматын мыкты кылсын, келечек муундун камын ойлосун деп тилек кылам. Себеби, ошол элдин ичинде ал өзү да бар. Анын бала-чакасы, тукумдары да бар. Элдин келечегин ойлобогону, тукумун ойлобогондукка тете. Адамзат бул жашоодо түбөлүк жашабайт, убакыт-сааты келгенде бул жашоодон кайтып, Жараткандын алдына сурак бере турган күн келет деген ой менен жашашы керек. Ата-бабаларыбыз бизге ушул сонун жерди кандай кылып тапшырып кеткен болсо, биз да урпактарга мамлекетти жакшынакай кылып тапшырып кетишибиз керек.
ххх
“Шайлоого барбай эле коюш керек. Баары бир булардан пайда чыкпайт” деген үмүтсүздүккө чөгүп кеткен мекендештерибиздин сөзүн да угуп жүрөбүз. Урматтуу мекендешим, шайлоого барыш керек. Өзүбүздүн тандообузду кылышыбыз керек. Бирок, алданбай, напсиге алдырбай, шайлана турган адамдын ким экенин, колунан эмне келе турганын, жүрөгү, ой-сезими, дилинин таза экендигинен кабардар болуп туруп гана өз тандообузду кылганыбыз оң болот.
Шайлоо кандай болуш керек? Шайлоо деген “мынча акча берем. Мени шайлап кой” деген кызыктыруучу сыйлык эмес. Шайлоо элге кызмат кылып туруп сөзүң өтсүн, сени эл билип туруп шайласын. Сени эл билип туруп шайлаган болсо, анда сен татыктуу адамсың. Акча берип туруп шайланып алган болсоң, анда элди акчага кызыктырып шайланып алган болосуң.
Талапкер шайланып жатканда бул дүйнөдөгү гана абалын ойлобой, тиги дүйнөдөгү абалын жакшылап ойлошу керек. Кудайдан коркуп, элге сөз бергенден кийин айтканын аткарып, элдин ишенимин актаганы дурус болот. Депутат деген эл менен бийликтин ортосундагы ортомчу эмеспи. Элдин сөзүн бийликке жеткире тургандар ушулар да. Депутат - “Биз айталбай аткан сөздү ушул жеткирсин” деген адам. Ал эми миңдеген адамдардын кайгы-муңун, өтүнүч-суранычын ушул ортомчулар жеткирбей турган болсо, кыяматта суралат. Сурала турган, эсеп бере турган күн келет. Ошону үчүн “Элге ак кызматымды сунайын, өлкөмө кызмат кылайын. Элим кызматымды бааласын. Арттан келаткан муунга биз кылып кеткен иштер пайдалуу болсун. Арткы муун бизге ыраазы болуп, биз менен сыймыктана тургандай даражада болуш керек", деген түшүнүктү жалпы эле саясий элитага калыптандыруунун зарылдыгы учурубузда болуп көрбөгөндөй зарыл болуп турат. “Бизден мурда өткөн мамлекеттик ишмерлер бизге жакшы жолду таштап кеткен турбайбы” деген келечек муундун сыймыгы болуунун канчалык парасаттуу, канчалык бийик экенин билүү маанилүү. Ал эми напсиге алдырып байлык үчүн, бийликке умтулуп, элдин ырыскысына кол салуунун артында сурак бар. Кудайдын эсебинен эч ким эч кайда качып кутула албайт. Кудайдан коркуп туруп иш кылуу абзел. Депутат “Ушул элдин атынан өкүл болуп келип, эмнеге булардын суранычын жогору жакка жеткирген жоксуң” деген Жараткандын сурагы бар экенин ар дайым жадында сактап жүрүү керек. Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед С.А.В дын: “Силердин ар бириңер кол алдыңардагыларга жооптуусуңар, жетекчи кол алдындагылар үчүн жооп берет” деген осуятын ар дайым жетекчиликке алып, ушул тарбия, ушул жол менен элге кызмат кылуунун чыныгы үлгүсүн көрсөтүү эр-азаматтардын иши.
Чыгаан жигиттерди, кыздарды бир туунун, мамлекетти өнүктүрө турган бир идеянын алдына бириктире турган зор күчтүн келерине ишенем. Жараткан элибизге, мамлектибизге оомат берип, түрдүү кырсыктардан, апааттардан сактасын!
Булак: "Майдан.kg" газетасы