Анда Жээнбеков бийликчил деген партиялар “Форма №2” аркылуу добуштарды ачык эле сатып алып жатканын, бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин – мугалимдерди, дарыгерлерди жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин пайдаланып, административдик ресурсту колдонуп жатканын жазган.

Бийликчил партиялар мамлекетке көз каранды бюджеттик кызматкерлердин абалынан пайдаланып жатканын айткан.

Саясатчы дарыгерлерди, мугалимдерди, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин бийликти ачык сындап чыгып, куугунтукка кабылып жаткандарды колдоого чакырган.

«Силер – жарансыңар, силер – “административдик ресурс” эмессиңер, силер – бийликтин менчиги эмессиңер, силердин өз атыңар, укуктарыңар жана эркиндигиңер бар. Билип койгула, бүгүн натыйжасыз жана коррупциялашкан бийлик силерге көз каранды болуп турат. Силер өзүңөр, жакындарыңар үчүн, жаңы, демократиялык Кыргызстан үчүн көп нерсени чечип коё аласыңар», — деп жазылган Жээнбековдун кайрылуусунда.

Бийликчил деген партиялар добуштарды сатып алууну көздөп, шайлоочулардын паспортторун жапырт чогултуп, №2 форма аркылуу көз боёмочулукка барып жатканы тууралуу сын-пикир буга чейин да айтылган. Өткөн аптада «Бүтүн Кыргызстан», «Реформа» жана «Чоң Казат» партиялары басма сөз жыйынын өткөрүп, №2 форма аркылуу шайлоо даректерин өзгөрткөндөрдүн саны 500 миң кишиге жакындаганын айтып чыгышкан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов бул айыптоону куру доомат катары баалаган.

Булак: Элгезит