Жарандык активисттер «Биримдик» партиясын жана анын лидери Марат Аманкуловду парламенттик шайлоонун жарышынан четтетүү тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 150 кишинин колу коюлган арызды тапшырышты. Бул тууралуу 28-сентябрда жарандык активист Умай Арыкова «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, арыздануучулар Аманкуловдун эгемендик тууралуу айткандарын «Баш мыйзамга жана элге каршы келген жикчил билдирүү» деп, «Биримдиктин» программасы менен идеологиясы «Кыргызстандын Конституциясына, эгемендигине жана мындан аркы өнүгүшүнө коркунуч келтирерин» белгилешкен.

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева Аманкуловдун айткандарында эгемендикке коркунуч келтирген белгилер бар экенин, комиссия анын сөзүнө өз баасын бериши керек экенин билдирди.

Мыйзам боюнча БШК түшкөн арызды беш күн ичинде толук карап бүтүп, өз чечимин чыгарышы керек.

Аманкуловдун Орусиядагы жыйындардын биринде сүйлөгөн сөзү жазылган кыска видеотасма Интернетте 26-сентябрда тараган. Анда саясатчы: «Биздин 30 жылдык эгемендигибиз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразия аймагында бириккен мамлекет гана Евразияда эгемен боло алат», - деп билдирген. Бул коомчулукта кескин сын жана кызуу талкуу жаратууда.

27-сентябрда Бишкекте, Ошто, Караколдо нааразылык акциялары уюштурулуп, Аманкуловду жана ал жетектеген «Биримдик» партиясын парламенттик шайлоонун жарышынан четтетүү тууралуу талаптар коюлган. Ушундай эле демилгелер социалдык тармактар аркылуу да көтөрүлгөн.

Марат Аманкулов сынга кабылып жаткан видеотасмага комментарий берип, аны атайын жасалган чагым деп баалады. Ал видео 2019-жылы Кыргызстан менен Орусиянын Эриш-аркак жылын өткөрүүнүн алдындагы Москвадагы маданий иш-чарада тартылганын, анда айтканы контексттен суурулуп алынганын билдирген. Жогорку Кеңештин расмий сайтында бул жолугушуу былтыр жыл аягында эмес, быйыл февраль айында өткөнү тууралуу маалымат турат.

Бийликтин партиясы катары сыпатталып жаткан «Биримдик» парламенттик шайлоого катышууда. 4-октябрда өтө турган шайлоого жалпысынан 16 партия ат салышып жатат.

Булак: Азаттык