Шайлоочулардын добуштары үчүн күрөшүп, жеңишке жетишүү максатында ар кандай ыкмаларды, ыплас технологияларды пайдалануу – шайлоо системабыздын ажырагыс бир көрүнүшүнө, жазылбаган мыйзамына айланып баратат. Бул албетте, өкүнүчтүү. «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун айтканын тенирден тескери бурмалап элге таркатуу ага дагы бир далил болуп калды.

1. Коомчулукту уу-дуу кылган видео тасманы башынан аягына чейин көргөн адам анда ызы-чуу салгыдай эч нерсе жок экенине ынанат. Анда «Биримдиктин» лидери жөн гана Россиянын МамДумасынын депутаты Иван Белековдун евразиялык алкакта интеграциялашуу тууралуу айтканын колдоп гана сүйлөгөн. Евразиялык интеграцияны терендетүү, аны реалдуу күчкө айландыруу менен Кыргызстандын ага катышуусу зарылдыгын айткан. Айрым саясий күчтөр видеонун өз кызыкчылыктарына дал келген жерин гана кыркып алышып, ошол өнүттө интерпретациялашып элге, коомчулукка таркатышты. Тилекке каршы, айрымдар видеоматериал менен толук таанышпастан, «Биримдик» партиясынын атаандаштары үзүп-кесип бергендерди көрүп алышып эле жаалданышууда.

2. Видеодогу жолугушууга бир топ убакыт болуптур. Бирок анын шайлоонун өтөрүнө саналуу күндөр калганда социалдык тармакка чыгарылып, чагылгандай тездик менен таркатылуусу атайылап, кутум максатта «Биримдик» партиясынын беделин түшүрүп, эл көзүнө «мокочо» көрсөтүү үчүн жасалган чагымчылдык аракет экендигин гана айгинелейт.

3. Жолугушууга Марат Аманкуловдон башка да Талант Мамытов, Канатбек Исаев, Тынчтык Шайназаров сыяктуу депутаттар катышкан экен. Эмне үчүн ал жерде кандай сөз болгондугун Талант Мамытов, Канат Исаев же Тынчтык Шайназаровдон сурашпастан «Биримдик» партиясына, анын лидерине гана басым жасашып, «айрымдар» Батыштын жашылбайлары келсе митинг өткөрөбүз деп да опурулушту. Эгерде Марат Аманкулов чын эле айгай салып жаткандай маанидеги сөздөрдү айткан болсо, Канат Исаев, Талант Мамытов же Тынчтык Шайназаров алигече айтып, кыйкырып чыгышмак. Бул үчөөсүнүн чындыкты айткандын ордуна ооздоруна талкан салып алышкандай унчукпай жатышкандыгы жигитчиликке жатпайт.

4. Эгемендүү өлкөбүздү Россияга кошобуз дегидей «Биримдиктин» лидерлери баштарынан айный элек. Мамлекетибизди бекемдеп, өнүктүрүп-өстүрүүнү максат кылган партиянын кыргыз элинин эркиндигине, эгемендигине, мамлекеттүүлүгүнө шек келтирет деген сандырак сөздөргө деги ким ишенет? Бул акылга, рационалдуу логикага сыйбас нерсе. Антип акыл-эстүү эч ким өзүнүн саясий бедел-аброюна көө шыбабайт.

5. Кыргызстанда өлкөбүздүн Россияга кошулуусун жактаган, эңсеген күчтөр бар. Бирок, алар «Биримдикте» эмес. Бул парадокс, бирок болгон нерсени болгондой айтсак, айрымдар «Биримдиктин» лидеринин сөздөрүн тескери чечмелөө менен ошол күчтөрдү «Биримдик» үчүн добуш берүүгө чакырып жатышат. Ал эми «Биримдиктин» негизги максаты - Евразиялык итеграцияны терендетип, өнүктүрүү аркылуу элдин турмушун жакшыртуу. Аны партиянын лидерлери шайлоочулар менен жолугушууларда, өздөрүнүн үгүт иштеринде айтышууда. Интеграция деген эгемендүүлүктөн баш тартуу эмес. Ааламдаштыруу мезгилинде интеграциянын зарылдыгын танган адам – өнүгүүнү, келечекти танганга тете.

БАСА: Атактуу кардиолог жана философ Н. Амосовдун «…массанын 4-5 %ы гана өзүнүн акылы, ой жүгүртүүсү менен жашайт. Калганында туруктуу ой, позиция, аналитика, акыл дегендер болбойт, инерция менен ээрчип, жактап, колдоп кете беришет» деп айтканы бар. Тилекке каршы, биз интернет айдынында массаны ошондой абалда көрдүк. Бизге сын көз караш, өз алдынча анализдөө, сергек ой жүгүртүү жетишпейт тура...

Өзүбүздү өзүбүз сыйласак, урматтасак, эн алгач өз акылыбыз менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек. «Айда, Самаркандан саман учту…» десе эле анталандап, аласалып, опурулуп, жапырылып кетпестен, бардык нерсеге, атаандаштардын пикирлерине акыл калчап, сын көз, калыстык менен караганды үйөнүшүбүз зарыл. Мезгил, адеп-ахлактык эрежелер, бабаларыбыздын бай тажрыйбалары бүгүн бизден ошону талап кылат.

Мирлан Дүйшөнбаев