Жетинчи чакырылышка талапкерлердин дебатын көрүп, ар бир партиянын ичинде татыктуулар сөзсүз болорун аңдагандайбыз. Айрыкча биз-журналисттер, кап, ушул адамдар депутаттык орун үчүн эле эмес, элдин тагдыры үчүн да кийинки беш жыл бою талыкпай ушинтип бири-бири менен кызыл чеке болгуча талашып-тартышып, "чабышып" турса деп ойлойбуз. Эмне үчүн шайлоо алдында чечендер көп, ал эми шайлоодон кийин эле "балыктар" басымдуулук кылып кетет? Бул дагы, кайсы бир деңгээлде биздин каада-салттарыбызга, ашкере сыйчылдыгыбызга барып такалат. Бир жерде улууну урматтайбыз, бир жерде дос, тууган-урук болуп чыга келебиз дегендей. Анын үстүнө, парламентке көп партия келгени менен бу депутат дегениңиз бири-бирин "коллега" деп атап алып эле той-топур, жамандык-жакшылыгына, юбилей-туулган күндөрүнө катыша баштайт. Чынында баарыбыз эле ошондойбуз. Аз эл деген ушул экен, сүрүштүрө келсе, тайке-жээн, куда-сөөк, жок дегенде, бажа, бөлө, классташ болуп чыгабыз. Анан кантип азыркыдай кайым айтышуу болсун:-). Ал эми жүйөлүү себеби да бар мунун. Парламентке өтүп келген партия лидерлери жана сүйлөөк депутаттардын бир тобу шайлоо алдындагы убадалар аткарылмайынча, кур дегенде, беш-алты ай унчукпай туралы, алгач бир конкреттүү иш жасайлы, анан ТВга чыгалы дегендей позицияны карманып алышат. Бирок, көп партиялуу парламентте тез жыйынтыкка жетүү өтө татаал. Андыктан, кыйласы ошол бойдон эле сүйлөбөй кетишет. Оппозициялык партияларга же мүнөзү курч депутаттарга оңой. Бийлик биздин колго тийген жок деген жүйөө менен элге жаккан ачуу сындын, популярдуу сөздөрдүн, кыймыл-аракеттин, микрофондун бийлиги алардын колуна тийген болот.

Алтынчы чакырылыштын депутаттарын, жеке көз карашымда, партияларга бөлүп кароо бир аз жаңылыштык. Аларда социалдык топторго бөлүнүү күчтүүрөөк экени байкалат. Мисалы, бизнесмендер, спортсмендер, аялдар, бийликчилдер, оппозициячылар, унчукпастар, чечендер, тажрыйбалуулар, жаштар, арасында жалгыз карышкырлары да бар, ж.б. у.с.

Жогорку Кеңештин депутатын сындоо эң оңой. Себеби, андан аткарылбаган убадаларды сөзсүз тапса болот. Эң эле ачык иштеген бийлик бутагы. Парламентчилер өздөрүн кемсинтип жатса да, бирөө-жарымы барып сотко арызданып, жазалагысы келбейт. Аткени бул жамааттык орган. "Эң негизгиси өзүмдүн эл-журтум, Кудай алдында жүзүм жарык. Башкалар жөнүндө не десе, ошо десин, тээтиги пресс-служба жооп бере берсин", - дегендей мамиле кылышат. Кызыгы, 120сы тең ошентип ойлойт.

Башыман өткөн окуяны мисал келтире кетейин. Бир жолу, "олигарх" дегендердин бири кабинетине чакырып калды. Барсам, өзү жөнүндө пикиримди билгиси келиптир. "Сиз эми балык депутаттардын катарына киресиз. Такыр көрүнбөйсүз, сүйлөбөйсүз. Сиздин айыңыздан бүт парламенттин аброю түшүп турат", - деп, кыйынсынып койдум. Ал болсо, мага жылмайып, токтоо үн менен: "Балам, элге кызмат кылуу деген эмне экенин билесиңби? Менин колумда миңге жакын сага окшош адам иштейт. Мындайча айтканда, миң үй-бүлөнү жумуш, айлык менен камсыздайм. Андан тышкары, Кудайдын куттуу күнү бирөөлөргө силердей болуп микрофондон бакылдабай эле кайырымдуулук кылам. Байлыкты мен маңдай терим менен таптым. Элим сүйлөгөнүм үчүн эмес, ишим үчүн колдойт. Керек болсо, кийинки парламентке деле келем", - деп, сылык-сыпаа узатып койгон эле. Ошондон кийин бизнесмен депутаттарга доомат кылбас болгом. Аларды жек көрөрдөн мурда, мен өзүм эмне кылдым, канча адамга каралаштым? - дегенчелик чечилбес суроо пайда болот да турат. Бирок, баары бир депутаттык бул жалаң бай адамдар олтура турган төр деп эсептебейм. Бул жер көз караштардын талаш-тартыштары басылбай, сүйлөп, сүйлөшүп, элдин үнүн угузуп тура турган ордо деп ойлойм.

Жогорку Кеңештин депутатынын портретин тартып жатканда боёктор, тим эле, ботко болуп кетет. Пикассонун сүрөтүндөй чалды-куйду, кубизми да, сюрреализми да бар кызыктуу сүрөттөрдү жаратса болот. Жапырт академиктерден же патриоттордон турган бир дагы парламент жок дүйнөдө. Болбойт да болушу керек.

Андыктан, депутаттыкка талапкерлерди эмитеден эле шылдыңдабай, рекламаларын, дебаттарын көрүп, программаларын окуп-талкуулап, жыйындарына катышып, ой-пикирлерибизди, сунуштарыбызды айтып турууга үндөйт элем. Биздин добуш сыяктуу эле, пикирлерибиз дагы эл өкүлүн жаратууда чечүүчү күчкө ээ. Аларды тандаган өзүбүз. Ишенген да, колдогон да, жакшы көргөн да, жаман көргөн да өзүбүз.

Чакырылыштардын баары ушундай. Жетинчи чакырылыш да болжолу менен ушундай эле болот. Эң негизгиси...

Ибраим Нуракун уулу, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси