Эх, шейх Чубак ажы бир тууганым, тирүү кезиңизде канча жолу сухпатташкан элек, канча маселени талкууладык эле, канча жолу бир бирибизди колдогон элек! Эми өзүңүз жок болсоңуз да дарстарыңыздан жооп издеп, сабак алып жатамын...

Көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында туңгуч саясий «ЭрК»  партиясы парламенттик шайлоого катышпай калып жатабыз! Шайлоодон биздин партияны бийлик эмес,  өзүн «оппозиционер» жарыялаган, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын курултайынын чечимин жана шайлоо жөнүндө мыйзамды одоно бузган  бир эле «лидермин» деген адам четтетип койду.

Бүгүн роликтерин карасам - «Мыйзамдуулук! Ыймандуулук!” деп элди алдаганга кайра өтүптүр. Бизди чакырып алып, партиябыздын курултайынын чечимин чыгартып алып, «Бүтүн Кыргызстандын» тизмесине кошуп алып, 19-августта 13-курултайында ал тизмеге делегаттарды добуш бергизип, токтом менен мандат комиссиясын чечими аркылуу бекемдеп, анан эле эртеси «конок» олигархтар менен курултай бекиткен тизмени каалагандай өзгөртүп жатканда бетине чындыкты айтып койсом, ачуусу келип, текеберленип, мени биринчи артыраак жылдырып, анан БШКга тапшырган тизмеден “ЭрК” партиясынан кирген талапкерлерди таптакыр алып салып, 3-4 адам өзгөрткөн, оңдогон, жасалма тизмени өткөрүп салышыптыр!

БШКга жалган тизмени эмес,  курултай бекиткен чыныгы тизмени талап кылгыла деп өзүмдү жана “ЭрК” партиясынан дагы 4 талапкердин жана жалпы партиябыздын укуктарын коргоого өттүм. Бирок БШК «бул партиянын ички иштери, сотко, ИИМге кайрылгыла, биз карабайбыз» деп мыйзамсыз чечимди 2-сентябрда кабыл алып коюшту. Ал чечимин биз сотко да, документтер алмашып, фальсификация болуп кеткенин да ИИМге али бере алекпиз.

“Бүтүн Кыргызстан» менен БШК соттошту. Үчүнчү жак катары сотко катышууга сот айым уруксат бербей койду. Сот БШКнын чечимин жокко чыгарды. Алардын разборкалары бүттү. Эми биздин разборкалар калды. «Бүтүн Кыргызстандын» лидеринин жасагандары акылга да сыйбайт, жигитчиликке да жатпайт, партиясынын чечимине да, мыйзамдарга да түкүрүп, өз билемдигин кылганы  Кылмыш-Жаза кодексине ылайык кылмыш катары эсептелет. Биринчи күнгө чейин “ЭрК” партиясынын Саясий кеңеши түзүлүп калган кырдаалга баа берип, өзүнүн чечимин кабыл алат.

Бир жагынан «КР президентин жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын 59-61 беренелеринин одоно бузулушун жана курултайда кабыл алынган тизме өзгөрүлүп, алмашылып БШКга тапшырылганын БШК да тастыктады, А.Мадумаров да «техникалык ката», «Турсунбай Бакир уулунун фамилиясы түшүп калыптыр», «тизмени кайра оңдоп чыкканга макулбуз», «партиябыздын аппарат жетекчиси Динимухаммед Ыбрайымов 23-августта жумуштан күтүүсүз кетип калып, эсибизде кайсы фамилиялар болсо ошолорду тизмеге кайра киргиздик», «Турсунбай Бакир уулун депутаттыкка талапкер катары эмес, конок катары чакырганбыз», «аттуу-баштууларды окуп бергиле дегенде жөн эле тизмедеги жыйырма фамилияларды окуп бергенбиз» деп БШКнын жыйынында мойнуна алган. Эстетип койсом, мен менен кошо «ЭрК» партиясынан «Бүтүн Кыргызстандын» курултайынан кийин тизмеден дагы төрт талапкерлердин фамилиясы жоголуп кетип жатат.

Экинчи жагынан, БШК сотто өз чечимин коргой албай калды жана Жогорку сотко даттануудан баш тартты.

Эң кызыгы, ушул тирешүүдө эки соттошуп жаткан тараптар да («Бүтүн Кыргызстан» партиясы жана БШК) жана сот отурумду алып барган А.Эгембердиева да шайлоого талапкер катары курултайда көрсөтүлгөн «ЭрК» партиясынын өкүлдөрүнүн, жалпы «ЭрК» партиясынын жана анын колдоочуларынын-шайлоочуларынын одоно бузулган укуктарын эч кимиси эстеп да коюшпады!

Ошондуктан мыйзам ченемдүү суроолор жаралып жатат:

1) шайлоо жөнүндө мыйзамдын 61-беренесине ылайык партиянын курултайы бекиткен тизмени БШК кабыл алыш керек беле же курултайдан кийин партиянын жогорку жетектөө органынын чечимин 3-4 киши бузуп, оңдоп жана өзгөрткөн тизмени БШКга өткөрүп коюшса  боло береби?! Анда мыйзамда жазылгандай эмес, «Бүтүн Кыргызстандын» лидери прецедент түзгөндөй - убара болуп партиянын курултайында депутаттыкка талапкерлерди бекитпей эле, 3-4 акчалуу адамдар кабинетте отуруп алып эле өздөрү түзгөн тизмени БШКга тапшырып коё бербейби?!

БШКнын эки мүчөсү айткандай бул партиянын ички маселеси эмес, бул - шайлоо жөнүндө мыйзамга баш ийүү жана мыйзам конституциялык болгондугу үчүн Конституциянын өзүнө баш ийүү болуп эсептелет! Конституция менен шайлоо жөнүндө мыйзамдын, партиянын курултайынын чечиминин одоно бузулушу - талашсыз факт!

2) Дагы бир прецедент: партиянын курултайы бекиткен депутаттыкка талапкерлердин тизмесин курултай эртеси партиянын активи эмес,  партиянын мүчөлөрү болбогон, өздөрү айткандай - «конок» болуп келгендер өзгөртүп коё беришсе боло береби?! Күлкүң да келет, кайгыргың да келет! Анда ал партияга мүчө болуштун эмне кереги бар, баары эле шайлоонун алдында «конок» болуп келип, депутаттыкка талапкер катары акчасын берип шайлоого чыга беришпейби?!

Партияда 10 жылдан бери ысык-суугуна чыдап жүрүшкөндөр ушул нерселерди көрүп туруп, бирок лидерине сөзү өтпөгөн ондогон мүчөлөр партиянын курамынан жана шайлоо тизмеден чыгып кетишти. Эми лидер жанында ким калганын өзүңөр да көрүп турасыңар - эски партиялаштары эмес, өзүнүн жеке максаттарын көздөгөн жалаң «коноктор»! Бири «зам» болуп жүргөнүнө таарынып «сам» боломун деген ойдо, бири камалып кетпейин деп тезирээк депутат болуп алсам - «сот да токтоп камай албайт!» деген кыялда, үчүнчүсү болсо «коррупция үчүн камалып түрмөдө «конок» болуп олтуруп чыкты, кийин партиянын курултайында «конок» болду, эми Жогорку Кеңешке «конок» катары барып келейин деген ниетте. Бири болсо унчукпай депутат болуп ЖКда беш жыл олтуруп берди, эми кайра акчасын берип дагы беш жыл унчукпоого ант бергенге даярданууда. Айта берсең  сөз көп, бирок шайлоодо калгандарын өзүңөр көрөсүңөр.

3) Дагы бир прецендент - шайлоого партиянын курултайы бекиткен расмий тизме менен эмес, а фальсификация болгон жасалма тизме менен аттануу! Жогорку Кеңешке жасалма тизмедегилер депутат болуп келип калышса канчалык мыйзамдуу болуп эсептелет?! Мыйзамга жана партиясынын курултайынын чечимдерине түкүргөн канча шылуун саясий партияларга ушул «Кыз Сайкал» соттун чечими менен жол ачылып калып жатат!

Бул прецендент - мыйзамдын бузулушуна баары көз жумган окуя Кыргызстанда баары боло берет деген өнөкөткө айланып кетүүсү! Преценденттин коркунучун азыр сезбегендер - кийин катуу өкүнүп каласыңар.

РS. Рахматуллоалейхи шейх Чубак ажы пайгамбарыбыз Мухаммед (салалЛахуалейхиуасалямдын) осуятынан айткандай: бизди «подстава» кылгандар, чындыкка каршы балит ыкмаларын колдонгондор, чөөлөрүнө ыплас сөздөр менен сөктүргөндөр кандай бизге акаарат келтирген болсоңор - баарыңарга бумеранг сыяктуу кайтып келмейинче өлбөйсүңөр! Кыңыр ишиңер кырк жылдан кийин да ачылат, а интернет доорунда анан да тезирээк ачылып калат...

Булак: "Майдан. kg" гезити