Буга чейин укук коргоо органдарына, сотко Алмазбек Атамбаев өзү тергөөчүлор чакырса барбай, күчтөп алып барышса, прокурор, судьялардын суроолоруна жооп бербей, кээде машинадан да түшпөй ар кандай өнөрлөрдү көрсөтүп келсе, ал эстафетасын өнөктөштөрүнө, алардын жактоочуларына өткөрүп берсе керек. Биз Кой-Таштагы 2019-жылдын 7-8-августундагы окуялар боюнча өтүп жаткан Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан соттук кароолор менен таанышкандан кийин ушундай ойдо калдык.
Оштуктардын Бишкектеги, Чүйдөгү үйлөрүн, бизнестерин талкалоого чакырган Фархат Баабиев деген одиоздуу неме сотто да кычыткы сѳздөрдү сүйлөгөн экен, сотко төрагалык кылган судья Марат Сыдыков анын өтүнүчүн канааттандырбай койсо, ал башка айыпталуучулар, жактоочулар менен бирге сот залынан чыгып кетиптир. Ф.Баабиев СИЗОдо камалып жаткан адам, ал мурдатан эле камакта болсо, кай жакка чыгып кеткен, аны маалымдамадан түшүнө албадык.
Мына ошого шылтап Ф.Баабиевдин жактоочусу Бакытбек Шамбетов судья Марат Сыдыковго тийиштүү тартиптик чара көрүү үчүн КРнын судьялар кеңешине кайрылды. Ал да соттук кароону үзгүлтүккө учуратып, создуктуруу үчүн жасалган аракет экендигин ким деле болбосун түшүнүп турат. Б.Шамбетов өзү жактаган адамдын СИЗОдогу убагын көбөйтүү аркылуу кийин зонада өтөй турган убагын азайтууга далалаттанууда. Мурда АША өзү “эркелеп” укук коргоо органдарын кыйнап, бир адамды өлтүрүп, бир нече адамды жарадар кылып, дагы көптөгөн беренелер менен айыпталып кармалгандан кийин да сотко келип да өнөрлөрүн көрсөтсө, эми мекендештерине террор уюштурууга чакыргандын да “эркелегендигине” чыдоого мүмкүн эмес. Сотту да көзүнө илгиси келбегендерге карата таасирдүү чаралар көрүлүшү керек. Антпесе сот да АШАчылардын абсурд театрына айланып кетиши мүмкүн.
Автандил Белеков
Булак: “Майдан.kg”