Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушууда Кыргызстандыктар эл өкүлдөрүнө аңчылыкка тыюу салуу жана мөңгүлөрдү коргоо жөнүндө мыйзамдарды колдоп берүүгө милдеттендирип, №2а формасын толтуруп берүүнү өтүнүшөт. Тийиштүү маалымат Facebook социалдык тармагында таркатылды.
«Мекендештер, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер менен жолугушууда, алардан №2а формасын толтуруп берүүнү суранышат. Бул талапкерлердин аңчылыкка тыюу салуу жана мөңгүлөрдү коргоо мыйзамдарын колдоо боюнча милдеттенмелери. "Реформа" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Клара Сооронкулова биринчилерден болуп №2а формага кол койду. Чоң рахмат!" - Facebook колдонуучусу Eleri Bitikci жарыялаган.
Мындан тышкары, жарандар 22-сентябрда Ала-Тоо аянтында саат 12: 00дө аталган мыйзам долбоорлорун колдогон митинг өткөрүүнү көздөп жатышат.
Бул убада аткарылбай калган учурда, эл өкүлү өзүнүн мандатын тапшырууга милдеттүү экендиги белгиленди.
Булак: Вести