Кыргызстан жыл өткөн сайын коррупцияга белчесинен батып баратканын “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев шайлоочулар менен жолугушууда белгиледи.
“Мекенчилдин” лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 4-сентябрда абактагы саясий туткун Садыр Жапаровдун кичи мекени Ысык-Көл районуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылынын тургундары менен жолугушту.
“Мурда мынчалык эмес эле, шайлоолордо катарына беш-алты ууруларды кошуп алган бийликтин бир партиясы чыкчу. Ал партияга бюджеттин көзүн караган кызматкерлерди мажбурлап добуш бердиртип, өтүп кетишчү. Бүгүнкү күндө андан да оор кырдаал жаралды. Себеби, катарында мамлекеттик кызматтарда иштеп, топтолуп коррупцияга жол берген үч-төрт партия чыгып, элдин башын айлантууда. Мурда эл бир партия менен күрөшсө, азыр үч-төрт партия менен күрөшкөнгө аргасыз. Элдин айласы калбай калды”, - деди Камчыбек Ташиев.
Лидер элди мындай партиялардын куру убадаларына алданып, добушун акчага алмаштыруудан баш тартууга жана мамлекеттин келечеги үчүн маанилүү орду бар партияларга басым жасоого чакырды.
“Акча сунуштагандарга элдин, журттун, мамлекеттин кереги жок. Тапканын чет өлкөгө алып чыгышат, ал жактан үй алышат, башка кылышат. Же Кыргызстандын кен байлыгын сатып алып, тоону чукуйт. Ошентип дагы бир беш жыл жыргайт дагы, бир айлык маянасын элге тарката коюп кайрадан парламентке барып алат. Муну эл-журтка жеткириш керек”, - деди Камчыбек Ташиев.
Ал коррупциялык иштерге таза саясатчыларды тартуу аракеттери жүрөөрүн, муну менен чындыкты айткандардын катарын азайтууну каалашарын белгиледи.
“Кээде мени да сазга тартып кеткилери келет. Мени жана башка мага окшогон чындыкты айтуучуларды тартып кетишсе, баарыбыз унчукпай калсак эмне болот? Эгер мени тартып кетишсе, минтип коррупция тууралуу айта алмак эмесмин. Чындыктан качып, сылап-сыйпап сүйлөр, силердин көңүлүңөрдү көтөрүп коюп, “мени шайлагыла”, -деп кете бермекмин”, - деди “Мекенчил” партиясынын лидери.
Жолугушуунун соңунда Кең-Суу айылынын тургундары Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын айтып, бата берип, алдына аргымак тартуулашты.
"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен
жайгаштырылып, төлөндү