
Сабыркул Ашымбаев 1968-жылы Нарын районуна караштуу Чет-Нура айылында төрөлгөн. Кесиби куруучу жана юрист.
-“Мекенчил” партиясынын алдыңкы катарында парламенттик шайлоого баратасыз. Бул партия сиз үчүн эмнеси менен баалуу?
-Бизде азыр партиядан көп нерсе жок. Алардын арасынан “Мекенчилди” тандап алганымдын себеби, партияны кандайлыгын лидери айтып турат. Чоң партиянын багыты, позициясы лидеринин позициясынан көз каранды. Башкача айтканда ким жетектесе, ал кандай адам болсо партия да так ошондой болот. “Мекенчилдин” лидерлери Камчыбек Кыдыршаевич менен Садыр Нургожоевич оюма төп келген инсандар. Мамлекет үчүн күйүп-бышып, белчесинен тыгылган саздан сууруп чыксак деген аракеттерине, ниет-пейилдерине эл-журт нечен жылдан бери күбө. Ушундай инсандар менен шайлоого аттанганыма сыймыктанам. Камчыбек Ташиев ооруп сакайгандан кийин: “Калган өмүр жашымды мамлекетиме, элиме арнайм”, - деп айтканын баарыбыз билебиз. Бул эмне деген сөз. Экинчи лидер Садыр Жапаров алдын ала көрө, сезе билген кыраакы саясатчы. Ысык-Көлдөн бекеринен Жети аке чыкпаган экен деп ойлоп калам. Садыр Нургожоевичтин жети-сегиз жыл мурда чыркырап айткандары бүгүнкү күндүн чындыгына айланды. Мен бул эки лидердин Кыргызстанды алдыга жылдыраарына ишенем.
-Парламентке барууда кандай максат - пландарыңыз бар? Эл өкүлү болуп калсаңыз ишмердүүлүгүңүздү эмнеден баштаар элеңиз?
-Эң оболу кыргыз элимдин көйгөйлөрүн, көп жылдан бери бир ордунан козголбой, жакшы жагына өзгөрүү болбой келаткан маселелерин чечүүчү мыйзамдарды чыгарууга баратам. Ошол мыйзамдардын иштеп кетүүсүнө көз салууга, көзөмөл кылууга. Кудай буйруп, эл өкүлү болуу мүмкүнчүлүгү туш келсе, Камчыбек Кыдыршаевич жана командабыз менен биргеликте абакта бейкүнөө отурган Садыр Жапаровдун акталып чыгып, элине кызмат кылуусуна өбөлгө болуу башкы каалоо-тилектерибиздин бири.
-Сизди өлкөдөгү кандай маселелер тынчсыздандырат, экономиканын өсүшүнө, карапайым калктын жашоо-шартын жакшыртууга кандай аракеттер зарыл деп ойлойсуз?
-Тынчсыздандырган маселелер тилекке каршы көп. Мамлекетибиз коррупциянын чеңгээлинен чыга албай калды, туш-тараптан уурдан-тоногондордун арааны жүрүүдө. Кудай кыргыздан эч нерсени аяган эмес. Жерибиздин алды да, үстү да байлыкка толгон. Ошол байлыктын кадырына жетип, кош көңүл болбой, ар бирибиз коргоп, аяр мамиле кылганды үйрөнсөк, ирип-чирип, коррупцияга белчесинен баткан системаны жок кылганда карапайым калктын жашоо-шарты оңолот деп ойлойм. Буга ар бирибиз кызыкдар болушубуз керек. Ар бирибиздин жүрөгүбүздө мекенге болгон сүйүү, мекенчилдик сапаттар басымдуулук кылганда, кайдыгер абалыбыздан арылып, жерибиздин бир ташын да бийик койгонубузда мамлекетибизди жалпылап көтөрүп кетебиз.
-Кыргызстанды адам укугун сыйлаган өлкө деп айтуу мүмкүнбү, адам укугун биринчи орунга койгон мамлекетке айлануу үчүн эмне кылуу керек?
-СССРден бөлүнүп, көз карандысыз мамлекетке айланганыбызда биздин элибиздин табияты эркиндикке жакын болгондуктан, коңшу мамлекеттерге караганда демократияга көбүрөөк ыктап, адам укугун, сөз эркиндигин башкы орунга койгон багытка бет алганбыз. Бирок бул суроого азыр кесе жок деп айтуума туура келет. Анткени жылдан жылга адам укугу тебеленип, диктатордук системага бараткандайбыз. Биринчи кезекте, элдин аң сезимин ойготуу керек. Шайлоолордо акчага добуш сатуудан баш тартып, эл деген эр азаматтарыбызды эл өзү коргоп алганда гана адам укугун коргогонго, мамлекеттин өнүгүшүнө жол ачууга мүмкүнчүлүктөр пайда болот.
-Эл арасында жүргөн инсансыз, көңүлүңүздү кандай жагдай өйүйт?
-Кыргыз элинин биринчи көйгөйү – эне тилибиздин экинчи планга жылып жатканы деп билем. “Тилиңди, маданиятыңды жоготсоң, чек араңды ачып сал, анткени бул эми сенин мамлекетиң эмес” деген бир даанышмандын сөзү бар. Кыргыз тилин улутташтарыбыздын көбү унутуп бараткандай. Небере-чөбөрөлөр, өсүп келаткан муун кыргыз тилин билишпейт. Буга мамлекетти башкарган аткаминерлер күнөөлүү. Кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн жаш муунга шарт түзүү керек, алардын талабындагы тасма, мультфильмдерди кыргызчага которуп беришибиз зарыл.
Экинчи көйгөй, мамлекетти кайра-кайра күнөөлөй берүү чынында ыңгайсыз. Бирок айтууга туура келет. Кыргызча айтканда уурулардын көптүгү, аларга карата катаал мыйзамдын жоктугу. Уурулардын айынан канча кыргыз сырт жакта жүрөт, иштеп акча табайын, оокатымды өткөрөйүн деген адамга Кыргызстанда шарт жок. Жумушсуздук күч, табылган жумуштун айлыгы аз. Аны менен чынында үй-бүлөнү багуу мүмкүн эмес. Мамлекеттин байлыгы элге иштегенге мынчалык азап-тозокко туш болмок эмеспиз. Үркөрдөй топ баюунун үстүндө, а эл жанын багуунун айласында Кыргызстандан чыгып кетти. Мунун баарын токтотууга убакыт келип жетти деп ойлойм. Эл түшүнүп, шайлоодо элдин көйгөйүн билген, элге жакын партияларга, инсандарга добушун берет деген ишеничим чоң.
Булак: "Майдан. kg" гезити