Бүгүн, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында "Бүтүн Кыргызстанды" шайлоодон четтеттүү тууралуу чечим кабыл алынды. БШКнын мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү (9) партияны жарыштан чыгарууга "макул" деп добуш беришсе, азчылыгы (2) каршы болушту. 

Буга дейре жумушчу топ БШКга аталган партияны каттоодон өткөрбөөнү сунуштаган. 

Жумушчу топтун өкүлү Медина Кутбердиева партиянын каттоого алынууга керектелүүчү документтерин кароодо бир катар эреже бузуу аныкталганын белгилеген. Айтымында, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын съездинде тандалган талапкерлер тизмесинин түбүнө кол коюлуп жана мөөр басылып, БШКга тапшырылышы керек болчу. 

 Бирок БШКга жеткирилген тизме съезддеги делегаттар тастыктаган тизмеден башка болуп чыккан. Аны менен катар съезддеги 85 делегаттын 84ү макул болушса, бирөө каршы чыккан. 

Ошондой эле, беш талапкер чыгып кеткенден кийин партия 115 талапкерден турган тизмени бериши керек эле, бирок алар 120 талапкердин тизмесин реестрге киргизишкен. 

 Эске салсак, Турсунбай Бакир уулу "Бүтүн Кыргызстан" партиясына Мадумаров чакырып, алдыңкы тизмени убада кылганын жана партиянын съездинде алдыңкы катарга жазылганын, бирок кийинчерээк лидер 200 миң доллар акча сураганын айтып чыккан. 

  

      

просмотров: 334