“Кыргыз парламентинин эгемендүү жана ал жерде реалдуу оппозициянын болушу өлкөбүз үчүн принципиалдуу маселе. Парламенттик оппозиция бийликте баланс жаратат, бийликтин эффективдүү жана адилеттүү болушуна салым кошот. Бийликтин мыйзамсыз жана акылсыз чечимдерин токтотот”, – деп эсептейт камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков.
Жээнбеков өз кайрылуусунда: “Бүгүн өлкөдө оор социалдык-экономикалык, саясий абал түзүлдү. Бийлик пандемия менен күрөшүүдө шалаакылыгын көргөздү. Үч жыл ичинде бир дагы реформа жасалган жок. Экономика 10%га төмөндөдү. Тышкы карыз 5 млрд долларга жетти. Ар бир 5-кыргыз жараны жумушсуз. Жакырчылыктын деңгээли 35%га көтөрүлдү. Орточо айлык акы дүйнөдө эң төмөн деңгээлде. Чек ара маселелери чечилген жок. Элдин бийликке болгон ишеними эң төмөн экенин социалдык изилдөөлөр көргөзүүдө. Нааразылык күчөп, күчтүү протесттик электорат жаралды. Мындай абалда бийликке жана парламентке, эгер таза шайлоо болсо, сөзсүз түрдө оппозициялык жана эгемендүү партиялар келет.
Бирок, бийлик жана бийликчил-олигархиялык партиялар буга жол бербегенге бардык аракеттерин жумшашат. Аларды бийлигин жоготуудан коррупция аркылуу тапкан каражаттарын пайдаланып, добуш сатып алуу, административдик ресурс, укук коргоо органдарынын жана соттордун аларга кызмат кылуусу гана сактап калат.
Шайлоолор аркылуу өлкөдө бийликтин жана парламенттин жаратылышы, кадрлар жана башкаруу саясаты өзгөрбөсө, анда, ал өлкөдө таза жана адилеттүү шайлоолордун жок экенинин далили”, – деп жазган.
Муну менен катар ал, отуз жылдын ичинде өткөн бардык шайлоолор эч кандай маанилүү өзгөрүүлөрдү алып келген жок деген пикирин айткан.
“Бардык келген президенттер өздөрүнүн гана партияларынын кызыкчылыгында шайлоолорду өткөрүштү. Азыр дагы бийликчил партияларга жана талапкерлерге түзүлгөн өзгөчө комфорттуу шарттарды көпчүлүк байкап, көрүп эле турат. Административдик ресурс, коррупциялык каражаттар, укук коргоо органдары жана соттор кайсы партияларга кызмат кылып жатканын бийлик жашырып коё албайт.
Буга карабастан, ушул шайлоо эгемендүү жана оппозициялык партияларга парламентте көпчүлүк орундарды алууга уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү жаратты. Оор социалдык-экономикалык абал, элдин нааразычылыгы, күчтүү протесттик электорат, керек болсо Беларусиядагы толкундоолор дагы түрткү болууда.
Менимче, ушул абалды эске алып, бардык эгемендүү жана оппозициялык партиялар, өз партияларынын гана кызыкчылыктарына иштебестен, жалпы таза жана адилеттүү шайлоо үчүн күрөшүү Старатегиясын иштеп чыгып, бийликке жана бийликчил партияларга чогуу каршы туруулары зарыл. Ал стратегия бийликтин добуш сатып алуу, административдик ресурсту, укук коргоо органдарын, сотту жана БШКны өз кызыкчылыгына пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө каршы туруу жана шайлоо таза өтпөсө шайлоо жыйынтыгын тааныбоо маселелерин камтышы зарыл”, -деп жыйынтыктаган өз кайрылуусун саясатчы.
Булак: govori.tv