“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо штабынын мурдагы жетекчиси Динимухаммед Ибраимов партиядан чыгып кеткенинин себебин ачыктады.

-Сизди көптөн бери “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү катары тааныйбыз. Аппарат жетекчиси да болуп иштегенсиз. Эмне себептен партиядан чыгып кеттиңиз?

-Туура, менин бул партияда иштегениме 10 жыл болуп калды. Акыркы 2-3 жылда аппаратты жетектедим. Менин партиядан чыгып кетти деген чын. Анын себеби Адахан Кимсанбаевич менен пикир келишпетик болду, ал тизм түзүүдө чыкты. Тизмеге биздин партияны тарабыналбай эле, сырттан келгендер  сунуштаган, репутациясы таза эмес адамдар киргизилди. Партиянын тазалык, актык, тартип деген принциптери бузулду.

-Кандай болгон мыйзам бузуулар орноду, так айтып бере аласызбы?

-Мисалга алсак, азыркы шайлоо кодексине ылайык ар бир талапкер анкетаны өз колу менен толтурушу керек. Сыртта жүргөн талапкерлердин ордуна башка адамдар толтурушту. Алар менен байланышканыбызда “жок, өзүбүз толтурдук”, - дешти. Эми анын чын-бышыгын БШК тастыктап берет. Кандай адамдар киргенин тизмени карап көрсөңөр билесиңер, кимиси таза, кимиси таза эместигин.

-Партиянын лидери Адахан Мадумаров мыйзам бузуу менен толтурулган анкеталар тууралуу кабары бар экен да?

-Юрист экөөбүз кирип айтканбыз. Андай болбошу керек деп талапкерлерге телефон чалып сурады, алар өзүбүз толтурдук дешти. Калганн БШК аныктайт.

-Алардын фамилияларын айта аласызбы?

-Сыртта жүргөндөр, мисалы Орозайым Нарматова, Таиров Шайырбек, Мирлан Ураимов, дагы бир Назира деген кыз бар, фамилиясын унутуп атам.

-Негизи акыркы бир айда партияга кирген да, чыккан да адамдардын катары көбөйдү. Элдин да башы айланып “Бүтүн Кыргызстанда” ким бар, ким жоктугун да билбей калды. Адахан Кимсанбаевич менен дагы ким партиянын тагдырын чечип жатат?

 -Акыркы эки жумада көп адам келди, эшигибиз жабылдай калды дегендей. Башында бул партиянын катарына кошулганыбызда лидерибиз тизмени эл курайт, биздин артыбызда эч ким жок деп дайыма айтчу. Тилекке каршы, акыркы жумада тизмени эл эмес, сырттан келгендер курады. Эки генералыбыз башка адамдарды сунуштады. Карасаңыздар, тизменин алдыңкы саптарында партияга тиешеси жок адамдар топтолгон.

 -Кайсы генералдар?

-Суваналиев менен Курсан Асанов.

-Ошондо лидер аппарат жетекчиси катары сиздин кеңешке кулак салбай, генералдардын сөзүн сүйлөп калдыбы?

-Ооба.

 -“Эрк” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулунун билдирүүсү да коомчулукта катуу талкуу жаратууда. Анын айтканы канчалык туура?

-Ал киши менен мен да сүйлөшүп калдым. Менин оюмча, калп айта турган адам эмес. Экөөнүн сүйлөшкөн сөзүнө мен да күбө болгом. Лидерибиз: “Ажыке, келиңиз, чогуу баралы”, - деп айтып жатканда жанында болчумун. Алдыңкы орундар убада кылынган экен, 20га киргизебиз деп. Тилекке каршы, андан кийинки чогулуштарга катышпадым. Бирок артка кетип калганын кийин тизмени көрүп билдим.

 -19-августта партиянын курултайы болуп өттү. Турсунбай Бакир уулу анда мен 20нын ичинде болчумун деп айтып жатат.

-Ооба, ал убакта бар болчу.

-Анын бул сөзүн тастыктай аласызбы?

-Он бештей адамдын тизмеси окулган, алардын арасында Турсунбай Бакир уулу да бар эле.

-Тизме БШКга барганда кимдер кошулганы билинип калды. “Кашелек” деген каймана аты бар Мурат Малабаевдин баласы жүрөт. Андан башка да репутациясы таза эместер, Донченко бар экен.  Адахан Мадумаров түз, таза адамдар менен мамиле кылганды жактап келген адам болчу. Бул кандай болуп калды?

-Курсан Асанов Донченкону алып келди. Кандай болуп сүйлөшүшкөнүн билбейм. Сырттан келгендердин артынан келишкендер. Алардын ар биринин репутациясы кандай экенин ар бир адам интернеттен эле билип алса болот.

-Он жыл бою “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын катарында жүрүп, акыркы беш жылда парламенттик шайлоого катуу даярдык көрдүңүздөр. Кандай кыйынчылык болсо да лидерди таштабай жүрдүңүз. Шайлоо процесси башталганда партияны тандап кетүүңүзгө лидердин өзгөргөнү себеп болдубу, же сиз өзгөрдүңүзбү?

-Тизме боюнча пикир келишпестик болду. Башта айтканда адамдар тизмеге киргизилбей калды, партияга кызмат кылып келген балдарды алдыңкы орундарга жазалы, алардан кийин башкалар турсун дегенге көнбөдү. Анын айынан айтыша кеттик. Ал кишини сыйлайм, баласындай болуп чогуу жүрүп, тазалык, тартип дегенбиз, элдик партияга айлантканбыз. Тилекке каршы, элдик партия болбой калды. Арты таза эмес адамдардын киргени менин чыгып кетүүмө себеп болду.

-Мадумаровдун принциптери өзгөрдү, принциптерин кызыкчылыктарга алмаштырды десек болобу?

-Ошондой болуп калды. Партияны өзү башкара албай, сырттан келген адамдардын таасири көбүрөөк болуп калды.

-Саясат талдоочулар, эксперттер “Бүтүн Кыргызстан” парламентке келсе Мадумаров өз партиясына ээ боло албай, бөлүнүү-жарылуу орун алат деп болжолдоп жатышат. Сиз буга кошуласызбы?

-Толук кошулам. Анткени тизмедегилер партияга күйбөгөндөр. Парламентке барса алар кандай болуп өзгөрөөрү белгилүү.

-Турсунбай Бакир уулу алдыңкы орундар үчүн чоң сумма сураганын айтты, суммасын да ачыктады, 200 миң доллар экен. Бул тууралуу эмне айта аласыз?

-Мен ал чогулушка катышпагам, жок болчумун. Маалымат сайттардан көрдүм. Менин оюмча, ажыке калп айта турган адамдардан эмес, ким сураганын, ким айтканын так айтып жатпайбы. Калп айтса ар бир адамдын абийиринде болот го дейм.